Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

КОСМОСКО АЛГАЧКЫ САЯКАТЧЫ АЙЫМ УЧАТ


Теги ирандык, Американын атуулу Ануше Ансари бир нече күндөн кийин космоско учкан эң алгачкы саякатчы-айым болуп калмакчы. 18-сентябрда ал орустардын "Союз" космос кемеси менен Жерди айланып жүрөн Эл аралык Космос бекетин көздөй жол тартат. Мындай саякат тууралуу Ансари айым кичинекейинен кыялданчу экен.

Кичинекей кезинде Ануше Ансари чалкасынан жатып алып, түнкү асманды караганды жакшы көрчү. Ал бир күнү асмандагы жылдыздарга жакын учсам деп кыянданчу. Мына эми, чейрек кылымдан кийин, анын кыялы орундалуунун алдында турат.

Келерки дүйшөмбү күнү Ансари эки астронавт менен Казакстандагы "Байкоңур" аалам бекетинен "Союз ТМА-9" кемеси менен асманды көздөй сызат. Башкаруу пультундагылар - орусиялык инженер Михаил Тюрин жана америкалык командир Михаил Лопез-Алегрия болот. Экөө учурда Эл аралык Космос бекетинде жашап, иштеп жаткан астронавттардын ордуна баратышат.

Буга чейин космоско турист болуп үч киши барса, үчөө тең эркектер болгон. Алар -эки америкалык ишкер жана түштүк африкалык бизнесмен эле. Келерки жумада жапон атуулу учмак, бирок саламаттыгына байланыштуу ал баралбай калып, ордуна Ансари учууда. Билеттин баасын арзан деш кыйын, айрым маалыматтарга караганда, "Космос саякаты” деп аталган америкалык компания 20 миллион доллар алат экен, бул каражаттын көбү орусиялык космос программасына сарпталат.

"Союз" кемесинде учуш үчүн Ансари орус тилин өздөштүрдү, өзү фарси, француз жана англис тилдеринде сүйлөйт. Kиндик каны туулган Ирандын исламдык төңкөрүшкө чейинки байрагын жана билим алып, жашап жаткан Кошмо Штаттарынын желегин өзү менен ала кетмекчи.

Ансарини гезиттер "саякатчы" деп атап жатышканы менен, ал космостогу 10 күн ичинде Орусиянын жана Европалык космос агенттиктеринин тапшырмасы менен медициналык жана микробиология боюнча изилдөөлөрдү жүргүзмөкчү.

"Союз" асманга атып чыкканда Ансаринин 16 жашында сиңдиси жана ата-энеси менен Ирандан Кошмо Штаттарына көчүп кеткенден берки эң чоң саякаты башталат. АКШда ал англис тилин өздөштүрүп, университетти бүтүрдү жана электр инженериясы боюнча магистр даражасына ээ болду. Окуусун бүткөндөн кийин болочок өмүрлүк жары Хамидге жолукту. Кийин аны Телеком Технологиясы деп аталган фирма ачууга жардам берүүгө көндүрдү. Бул фирмада Ансари жүз миллиондогон доллар пайда таап, америкалык байлардын катарын толуктады.Учурда жубайлар Техас штатында Продеа Системс деп аталган дигиталдык технологиялар жана инвестициялык компанияны иштетишет.

Ансаринин сиңдиси Атоса Райсиян да аталган фирмада кызмат кылат. Казакстанга жол тартаардын алдында ал биздин радиого маек куруп, космоско учуунун коопту жактары болгону менен анын эжесинин көңүлү жайдары экенин бышыктап, ал дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган кыз-келиндерге үлгү болгусу кеээрин мындайча билдирди:

Ал кыздарды жана аялдарды өздөрүнө ишенсе, каалаганына жете алаарына ынандыргысы келет. Тилекке каршы, көп өлкөлөрдө аялдар экинчи сорттогу адамдар деп саналат жана эркектердей мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес. Ошондуктан менимче, эжем аларга ар кандай мүмкүнчүлүктөр бар, алдыңарга максат коюп, ага жетүүгө аракет кылгыла деп айткысы келет.

Рассияндын сөзү боюнча, Ансаринин космоско учушу Иранда зор кызыгууну пайда кылды:

Ал ирандыктардан көп жакшы каттарды алып жатат, колдоо, жакшы тилектер айтылууда, баары аны менен сыймыктанышат.

Ансари өзү кабарчыларга "Дүйнөнү көргүң келсе, өзүң өзгөрүшүң керек" деген Махатма Гандинин сөздөрү менен жашаарын айткан. 12-сентябрда ал 40 жашка чыкканын "Байкоңурда" белгиледи. Орусиянын Федералдык Космос Агенттигинин жетекчиси Анатолий Перминов ага өзү телефон чалып, куттуктады. Бирок албетте дүйшөмбүдөгү космоско учуу ал үчүн эң баалуу белек болуп калаарында шек жок.
XS
SM
MD
LG