Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ГЕРМАНИЯДА ҮЧ КИШИ РАВВИН БОЛДУ


Германияда үч кишиге раввин наамы берилди. Мындай иш нацисттердин доорунан бери боло элек эле. Ошондуктан өлкөдөгү жөөттөр жамааты бул окуяны өздөрүнүн диний турмушундагы бурулуш учур катары баалашты. Германияда соңку жылдары жөөт жамааты мурдагы Советтер Союзунан келген иммигранттар эсебинен тез көбөйүп баратат, бирок алиге чейин алардын раввиндери болгон эмес.

Германияда жөөт жамааты азыр 100 миңдей бар. Согушка чейин алар 600 миңден ашуун эле. Учурунда алардын таатканаларын нацисттердин тарапкерлери тыйпыл кылып талкалап, өрттөп салышкан. Жакында Дрезденде мурдагы жөөт ибаадатканасынын ордуна жаңы синагога тургузулду. Бейшемби күнү ушул жерде үч кишиге раввин наамын ыйгаруу жөрөлгөсү болуп өттү. Салтанаттуу ибаадатта Даниэл Алтер, Томас Кучера жана Малколм Матитиани раввин деп жарыяланды. Үчөө тең жөөттөрдүн Берлиндеги диний мектебин - семинарияны бүтүрүшкөн. Эми алардан экөө Германияда – бири Мюнхенде, экинчиси өлкөнүн түндүгүндө раввин – жөөт динаятчысы болуп иштемекчи. Ал эми үчүнчүсү өз мекенине – Түштүк Африкага жиберилет.

Берлиндеги жөөт диний коллежинин президенти Вальтер Яков кечээки окуяны холокосттон кийинки алтымыш жылдагы тарыхый бурулуш учурга теңештирди. Яковдун жеке өзү үчүн да бул окуя чоң мааниге ээ болду. Анын атасы, раввин Эрнст Яков, апасы жана бир тууган иниси – Германияда жөөттөрдүн диний турмушунда жаңы доор башталарына буга чейин үмүт кылышкан эмес экен.

Жөөттөрдүн Берлиндеги диний мектеби 1942-жылы жабылган. Ал кайрадан 1999-жылы гана ачылды. Европада жөөт раввиндерин даярдай турган семинария эки эле жерде бар, экинчиси Будапештте. Германиядагы жөөттөрдүн борбордук кеңешинин вице-президенти Дитер Громанн Берлиндеги семинария эми раввиндерди көп даярдайт деген үмүтүн билдирди. Анын айтымында, Германиядагы жөөт жамааты раввиндерге өтө муктаж. Аларга үч эмес,отуз,кырк, андан да көп раввиндер керек. Ошондуктан муну Громанн иштин башталышы гана, буйруса, алардын саны дагы көбөйөт деп ишенет.
XS
SM
MD
LG