Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЧЫГАРЧУ ЗАВОД КАНДАЙ ШАРТТА КУРУЛАТ?


Кыргызстанда минералдык жер семирткич чыгарчу завод куруу – жалпы дыйкандардын бир топ жылдардан бери өлкө бийлигинен суранып келаткан маселеси. Кыргызстанда жер семирткичсиз дыйканчылыктын алга жылуусу мүмкүн эместиги толук ырасталган. Ошондуктан, андай жер семирткич чыгарчу заводду курууга Кыргызстан астейдил киришип, инвесторлор менен иш алып барууда.

Кыргызстан боюнча минералдык жер семирткичтердин ичинен азот менен камсыздоо болгону 30-35 пайызга, ал эми калий, фосфор менен камсыздоо андан да алда канча төмөн – 5-10 гана пайызга аткарылат. Жер семирткичтердин жетишсиздигинен жана жерди туура эмес пайдалануудан азыр жалпы Кыргызстандын жер кыртышы кескин арыктоодо.

Кыргызстандын түштүгүндө болсо дыйкандар Өзбекстандан контрабанда ыкмасында алынып келчү сапатсыз жер семирткичтер менен эптеп оокат кылып жаткандыгын Карасуу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Абдымиталип Кочкорбаев ачык айтты:

-Мисал үчүн, Өзбекстандан бизге контрабандалык жер семирткич өтпөгөн болсо түштүктүн дыйкандары эчтеке себе албай, кол куушуруп олтуруп бермек. Анткени, түштүктө башынан эле те Орусиядан келген азот-нелерди алууга мүмкүнчүлүк жок.

Ош облусунун пахта өсчү талааларына Германиянын техникалык борбор деп аталган программасы атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул жер кыртышы табигатынан азотко абдан муктаж экендигин далилдеген. Андыктан да Кыргызстанга минералдык жер семирткич чыгарчу завод аба менен суудай керек.

Заводду куруу үчүн азыр кандай конкреттүү аракеттер жүрүп жаткандыгын жана Кыргызстандын заводду курууга байланышкан талап-шарты кандай экендигин Айыл жана суу чарба министрлигинин статс-катчысы Камбаралы Касымов айтып берди:

-Жер семирткич чыгарчу завод куруу боюнча азыр Кытай мамлекетинен бир сунуш түштү. Ошондой эле сунуш Австралия мамлекетинен түштү. Ошол эки инвестор менен иш алып баруудабыз. Кыргызстандын талабы – көмүр менен иштей турган завод куруу. Анткени, бизде газ жетишсиз эмеспи.

Камбаралы Касымовдун айтуусунда, кытайлыктар заводду Ташкөмүр шаарынын тегерегине курсак дешет. Анткени, андан алыс эмес жерден комүр чыгат. Темир жол аркылуу келет. Австралиялык өкүлдөр Чүй өрөөнүнүн чыгыш жак ыптасына курууну сунушташууда. Ал Каракеченин көмүрүнө ылайыкталган. Бирок, анүчүн адегенде Каракечеге темир жол жеткирүү зарыл. Болбосо автомобиль менен көмүр ташып үлгүрүш мүмкүн эмес.

Негизги талаш азыр заводду курууга кетчү чыгым жаатында болуп жатат. Кытайлык инвесторлор 620 млн. доллар наркындагы, ал эми австралиялык инвесторлор 500 млн. доллар наркындагы завод куруу долбоорун сунушташкан. Бирок, Кыргызстан тарап ага макул эмес. 300-320 млн. доллар наркындагы жылына 600-800 тонна минералдык жер семирткич чыгара турган завод курдурууну ылайык көрөт.

-Бир жарым айга чейин маселе бир жаңсыл болуп чечилет, - дейт Камбаралы Касымов.

Ал эми минералдык жер семирткич чыгарчу болочок заводдун качан бүтөрү жөнүндө азырынча сөз жок.

XS
SM
MD
LG