Орус мамлекети Чыгыш өлкөлөрү, айрыкча Кытай жана Индия багытында соода өнөктөрүн табууга умтулган. Ошондон улам алар көптөгөн чыгымдарга карабастан соода кербендерин жабдып, Чыгышка жөнөтүп турган. Бухаралык соодагер Рафильжан Мухаметлифовдун айтымында кыргыз жери аркылуу өткөн кербен арбын кысымга кабылып, кээде алар кербенчилерди бир канча күнгө кармашып, жаккан буюмдарын тартып алып турушкан. Бирок ошого карабастан 1824-жылдын 15-сентябрында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жазылган катта-«кокондуктар жана Индияга чейинки өлкөлөр менен болгон соода байланышты камсыздоодо жапайы кыргыздардын ишендирүүсүнө ынана алабыз», деп айтылган.
1924-жылдын 15-сентябрында Түркстан АССР БАКынын кезексиз чакырылган сессиясы ишин баштады. Сессиянын негизги күн тартиби Түркстан Республикасында жашаган калктарды өз алдынча мамлекеттерге бөлүү маселесине арналды. Кыргыз калкына тиешелүү чыгарылган чечимде: «кара-кыргыз калкынын жумушчу жана дыйкандары каалаган Түркстан Республикасынан бөлүнүп, өзалдынча мамлекет куруу туурасындагы тилегин канааттандырып, Кара-кыргыз автономиялык областы уюшулсун» деген токтом кабыл алынган.
2004-жылдын бу күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы Билим берүү жана маданият, Сот жана укук, Саламаттыкты сактоо, Үй-бүлөө жана жаштар маселери боюнча комиттеринин кошмо жыйыны өттү. Жыйынга депутаттардан сырткары коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана бийлик өкүлдөрү катышып, Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китеби жаштарды тарбиялоодо тескери таасирин тийгизери белгиленип, аны басмадан чыгарбоо жана буга чейин басылган китептерди кайра жыйноо туурасында чечим кабыл алынды.
Бу күнү, 1921-жылы СССР Совнаркому балдардын денсоолугун коргоо туурасында Декрет кабыл алып, 1928-жылы англис микробиологу Александр Флеминг биринчи болуп пенициллинди чыгарып, 1971-жылы «Гринпис» уюму уюшулуп, 1613-жылы француз жазуучусу Франсуа де Ларошфуко, 1789-жылы атактуу америкалык жазуучу Фенимор Купер, 1828-жылы орус химиги Александр Бутлеров, 1890-жылы дүйнөгө аты чыккан жазуучу Агата Кристи, 1907-жылы айтылуу советтик антрополог Михаил Герасимов, 1925-жылы советтик актер Кирилл Лавров, 1946-жылы америкалык режиссер Оливер Стоун, 1938-жылы кыргызстандык жазуучу, «Литературный Кыргызстан» журналынын баш редактору Александр Иванов жарык дүйнөгө келген.
Муратбек Кожобеков