Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

АКМАТ БАКИЕВ : “АГАМ БИЗГЕ КАДР МАСЕЛЕСИНЕ КИЙЛИГИШҮҮГӨ ТЫЮУ САЛГАН”


Соңку күндөрү оппозициячыл депутаттар президент менен өкмөттү отставкага кетирүү жөнүндө талаптарды көтөрүп жатышат. Саясатчылар арасында өлкөнү К.Бакиев башкарбай эле, бир тууган инилери жетектеп жатат деген күдүк сөздөр да арбын. Кадр саясатына чын эле президенттин бир туугандары аралашабы? Ушундай суроолор менен "Азаттыктын" кабарчысы президенттин Жалалабатта жашаган иниси Акмат Бакиевге кайрылды.

- Акмат мырза, парламент өкүлдөрү өлкөнү президент эмес, анын бир тууган инилери башкарып калган деген ойду айтып жатышат. Депутат Кадыржан Батыров Жогорку Кеңештин шейшемби күнкү сессиясында Жалалабаттагы маселенин баарын Акмат Бакиев чечет, өзүн губернатор катары сезет деп сүйлөп чыкты? Буга сиздин жообуңуз кандай болот?

- Кадыржан Батыровду депутат катары көрдүк. Башында депутаттык мандатты кандай талашканын да, кандай инсан экенин да көрдүк. Ага биз эмес өзүнүн эли, туугандары, Жалалабаттын тургундары ишенбей калышкан. Губернатор деген бул чоң сүйлөп аткан киши болот, себеби губернатор жаңы келгенде мен куттуктаганы киргем кабинетине. Кийин бир майрамга даярдануу боюнча киргем, ошол боюнча мен губернаторду көрө элекмин. Кадр маселесине мен аралашпайм. Себеби бизге тыюу салынган. Кадр маселесине аралашканыбызда эле эл билет. Болбосо айтсын, Акмат бул кишини бул жерге койду деп. Андай болгон эмес. Себеби биздин ата-энебиз бизди мындай тарбиялаган эмес. Биз агабызга каяша сүйлөбөйбүз. Кадр маселеге, же башка чоң иштерге биз аралашкан эмеспиз.

- Саясатчы депутаттар улуттук коопсуздук кызматында иштеген агаңыз Жаныш Бакиевге кылмыш ишин козгоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Алардын чет өлкөдөгү дипломат инилериңизди чакыртып алуу маселесине жообуңуз барбы?

- Бириничден, бул саясий оюн. Экинчиден, Жаныш Салиевич агам мыкты юрист, ал эч мындай катачылык кетирбейт жана андайга барбайт, ага мен толук ишенем. Марат инимди чакыртып алып, кызуулукка салып айткандары, мен ойлойм бардыгы өз ордуна түшөт, 2-3 күндө билинет ким ак, ким кара айтканын.

- Агаңыз Жаныш Бакиевдин Манас абабекетинин вице-президенти Надыр Мамыровго Ө.Текебаевдин жүгүнө маңзат салууга көрсөтмө беришине ишенсе болобу?

- Болбойт. Себеби Жаныш Салиевич, менин бир тууган агаларым андайга барбайт эч качан.

- Жогорку Кеңеш бейшемби күндөгү олтурумунда президент менен өкмөттү отставкага кетирүү маселесине кайрылганы турат. Депутаттардын мындай талаптарына көз карашыңыз кандай?

- Биринчи күндөрү пикир келишпестик болду. Булар эми өзүнө келип түшүнүп атышат. Эми тергөө жүрүп атат, тергөө көрсөтөт. Туура эмес, керек болсо парламентти таратуу боюнча башында эл талап кылып аткан, Курманбек Салиевич ага көз жумуп, парламент иштесин деп ишенген. Бул деле кызуулукта айтылып аткан сөз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG