Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

УКРАИНА ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БРЮССЕЛДЕ


Нарын АЙЫП, Прага 14-сентябрда Украинанын премьер-министри Виктор Янукович Брюсселде болуп, Европа Биримдиги жана НАТО уюмунун жетекчилери менен жолукту. Визит учурунда Украинанын Биримдикке мүчө болуп кирүү маселеси талкууланган жок, НАТО уюмуна болсо, Януковичтин айтымында, Украина эли өзү кошулууну каалабайт.

Украина менен Европа Биримдиги ортосундагы кызматташуу боюнча азыркы келишимдин мөөнөтү 2008-жылы аяктайт жана эки жылдан кийин узартыла турган ал келишимдин шарттары талкууланды. Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер менен Виктор Янукович жолукканда Европа Биримдиги жана Украина ортосунда энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга жана өлкө аймагында жаткырылган куурлар аркылуу өткөн мунай жана газдын көлөмүн өлчөө боюнча келишимге кол коюлду. Ал долбоорду Биримдик каржылайт. Үстүбүздөгү жылдын башында Украина аркылуу Европага өткөн орусиялык газдын канча бир бөлүгү Украинада калгандыктан ири кризис чыкканы белгилүү.

Андан тышкары Янукович - "НАТО-Украина" жана "Европа Биримдиги-Украина" деген эки комиссиянын жыйындарына катышып, кызматташуу маселелерин талкуулады.

Мындан үч жыл мурда Европа Биримдигине 10 жаңы мамлекет кошулуп, анын мүчөлөрүнүн саны жыйырма бешке жеткенден кийин Европа мамлекеттери жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну көп жактырбай калган. Биримдиктин бирдиктүү конституциясын кабыл алууда да маселелер чыгууда. Анын баарын түшүнүп, Киев дагы Биримдикке кошулуу идеясын азырынча катуу койгон жок, бирок Януковичтин айтымында, акыр-аягында Украина өзүн Европа Биримдигинин мүчөсү катары көрөт.

НАТО уюмуна келгенде болсо, Януковичтин айтымында, Украина калкынын үчтөн экиси ага мүчө болуп кирүүнү каалабайт, ошондуктан маселе азырынча күн тартибине коюлбайт, бирок кызматташуу акырындап кеңейе бериш керек.

Януковичке мурда Маскөө катуу колдоо көрсөтүп келген, ошондуктан Европа Биримдигинде азыр төрагалык кылган Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиоя менен Янукович Брюссель шаарында жолукканда, Украина, Батыш жана Орусия ортосундагы мамилелер тууралуу Туомиоя минтип айтты:

"Орусия менен болгон мамилелерди дагы биз талкууладык. Ал боюнча жалпы түшүнүшүү бар - Украинанын Орусия менен жана Европа менен болгон жакшы мамилелери бир-бирине карама-каршы келбейт. Ошондой эле андай мамилелердин Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы байланыштарга да зыяны жок, бул тармакта эч кандай атаандашуу болбойт", - деди финн министри.

2004-жылы Украинада болгон президенттик шайлоодо Маскөө Януковичти катуу колдогон жана шайлоонун жыйынтыктары кеңири бурмаланган. Натыйжада ал жыйынтыктарды жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүгө туура келген. Бирок үстүбүздөгү жылы өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасында Янукович премьер-министр болуп дайындалды жана президент Виктор Ющенко менен кызматташып, бирдиктүү саясат жүргүзүүгө мажбур.

XS
SM
MD
LG