Ооганстандагы урушка катышып, жарандык кагылыштын калабасын көрүп келген ардагерлердин республикалык кеңеши мындан эки күн мурун кезексиз жыйынын чакырып, анда Баткен окуяларында эрдик көрсөткөн катардашы Жаныбек Бакиевге ыксыз асылууларга каршы экендиктерин билдиришкен.
- Ооган урушуна катышып келген ардагерлер кеңешинин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңеште болуп жаткан окуялар, тактап айтканда, Жаныш Бакиевдин дарегине айтылып жаткан кинелер тууралуу сөз болду. Жаныш Бакиев биздин уюмдун мүчөсү экендигин расмий түрдө билдиребиз,- деп айтты кеңештин төрагасы Нурлан Төрөбеков.
Ардагерлер кеңешинин жетекчи орунбасары Чолпонбек Беккелдиев азыркы бийлик тарапкерлеринин арасында эгер Ж.Бакиевди соттой турган болсо сотко карай жүрүш жасоо тууралуу ой болуп жатканын билдирди.
- Алар эки депутатты ийге келтире албасаңар биз сотко чейин жүрүш уюштурабыз дешет. Тарапкерлер ортосунда кагылыш чыгып кетиши ыктымал. Ага ким кепилдик бере алат,- дейт Ч.Беккелдиев.
Ушу тапта чагымчылыкты уюштурган деп кинеленип жаткан Жаныш Бакиев ага эч кандай тиешеси жок экендигин айтат.
- Атайын иш-чараны өткөрүүгө мен кайсы бир кызматкерге кагаз жүзүндө буйрук берген эмесмин. Ал эми атайын иш-чара өзүңүздөр көргөндөй, өтө төмөнкү деңгээлде өткөрүлдү.
Коопсуздук кызмат жетекчилери жуутпай жаткан атайын иш-чараны азыркы бийлик уюштурганын парламент депутаты Азимбек Бекназаров ырастоодо.
- Мен ойлойт элем, баары бир ким уюштурса дагы бүгүнкү бийлик күнөөлүү.
А.Бекназаров бул ишке президенттин да тиешеси бар деп эсептейт.
- Өзүн актаган материалдарды гезиттерге чыгарып жатат. Анан ушинтип олтурса кантип президент өзү катышкан эмес деп ойлойсуң? Ошондуктан мен суранат элем, Алымбай Алымбекович, президентиңизге айтыңыз, момундай оюндарды токтотсун!
Депутат Темир Сариев бу чатактуу ишке мамлекет башчысынын биртууган инисинин аралашып калганына Кыргызстан эли ишенет дейт.
- Депутат Ө.Текебаевдин айтканы чын. Кыргызстандын элинин баары ишенет. Эгерде бул жерде эки-үч киши ишенбей жатса, калганы бүт ишенди.
Эл ишенер-ишенбеси азырынча дайынсыз, себеп дегенде комиссиялар менен тергөө амалдары аягына чыгып, сот өкүмүн чыгара элек. Иштин сотко качан жетери да азырынча белгисиз.