Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Украина премьеринин НАТО жөнүндө айткан сөздөрүнө өлкө президенти нааразы


Украинанын президенти Виктор Ющенко кечээ күнү премьер-министр Виктор Януковичтин Брюссел шаарында НАТО жетекчилиги менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү тууралуу нааразылыгын билдирди. Янукович 14-сентябрда - НАТО уюмуна Украинанын мүчө болуп кошулушуна Украина элинин үчтөн экиси каршы, ошондуктан ал тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн азырынча кажети жок деп билдирген. Ющенконун айтымында, премьердин мындай сөздөрү Украинанын тышкы саясатынын стратегиясына каршы келет.

XS
SM
MD
LG