Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «КЫРГЫЗДА АЙТАТ «УУРУ ТОЙГОНЧО ЖЕП, ӨЛГӨНЧӨ КАРГАНАТ» ДЕП»


Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата мекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн Варшава шаарында маңзат менен кармалышына байланыштуу Кыргызстандагы акыркы жагдайлар, расмий бийликке мамилеси, Аксыда 17-сентябрда өтө турган элдик курултай тууралуу ойлору менен бөлүштү..

- Өмүрбек мырза, Варшавада бангизат менен мурдагы спикердин кармалышы коомчулуктун көңүлүн буруп турат. Буга сиз ким күнөлү деп ойлойсуз. Ким тарабынан жасалышы мүмкүн?

- Бул бүгүнкү бийлик тарабынан жасалышы мүмкүн. Бийликтен башка муну эч ким жасай албайт. Анткени буга бийлик ресурстары, аэропорт кызматтары, бажы кызматтары, аэропорту текшерген авиакомпаниянын өкүлдөрү катышмайынча андай буюмду алып өтүп кетүү кыйын. Айтып жатышпайбы үчүнчү күчтөр бар деп. Ушундай сөздөргө чейин барып жатышат. Эң негизгиси бул иш саясий пайда алып келиши мүмкүн. Ал эми мени дискретизация кылып, абийиримди төгүү, мени менен кошо «Реформа кыймылынын» оппозициялык кыймылдын абийирин төгүү бүгүнкү бийликтерге гана керек. Бүгүнкү бийликтердин түздөн-түз катышы бар экендиги депутаттык комиссиянын жыйынтыктарынан көрүнүп турат. Ал эми Варшава райондук соту көргөн көзүнө эмес, менин сөзүмө ишенди. Анткени ал сот адилеттүү болуп, адамдын жеке сапаттарын, анын өмүрүн жана башка жагдайларды карап, сот адилеттүү принциптерин колдонот экен. Мага ишенди. Мен рахмат айтам. Мен соттон чыккандан кийин кыргыз жетекчилери шашылыш түрдө «Текебаевди коргоо» комитеттерин түзүп, «Кыргыз мамлекети Текебаевди чыгарып алды» деп айтканга чейин барышты. Бир күн мурун менин саясий некрологумду окушуп, тажыямды дагы берип, сүрөтүмдү телевизордон көргөзүп, колго түштү эми беш жылга кесилип кетет деп тойлоп да жиберишиптир. Мен бир нерсени айтып кетким келет. Польша телевидениеси менин атымды да атаган жок, өңүмдү да көргөзгөн жок. Болгону кыргыз жараны колго түштү деп айтып жатышты. Тергөөчүлөр мага түшүндүрдү бизде мыйзам бар, мыйзам боюнча сот күнөөсүн далилдемейинче тигил же бул адамды айта албайбыз дешти. Көрдүңүзбү мени тааныбаган алыстагы Польша кайсы бир кыргыздын кадыр-баркы жөнүндө ойлонду. А биздикилер угары менен мурунтан даярдап койгон окшойт. Тексттерин да, сүрөттү да чыгарып, телевизордон кайра-кайра айтып какшап турушту.

Кеч болсо да айтылган жакшы сөздөргө рахмат айтам. Мен сот болуп жатканда жок дегенде бир факс же телеграмма биздин бийлик органдарынан «ай ушул жакшы жигит эле, аны күнөлүү эмес деп айта албайбыз, бирок ошол эки айга камабай, боштондукка коюп, тергөөнү уланта берсеңер» деп койсо мен кайда качмак элем. Кыргызстанга келгенде бул иш далилденип калса, биздин прокурорлор деле Польшага алып барып беришет эле да. Эки көзүм төрт болуп турду кыргыз мамлекетинен жардам болгон жок. Мен сотко, прокурорго башка аргументим жок, башка кагазым жок. Болгонун айтып жаттым. Польшанын пан прокурору аял киши экен. Менин сөзүмө ишенишиңиздерди суранам дедим.

Мен аларга, коллегаларыма абдан ыраазымын. Ар кандай саясий көз карашта болгонуна карабастан оперативдүү депутаттык комиссия түзүп, буюруса матрешка менен бангизат Польшадан Кыргызстанга келсе, ал жерде бармак издери бар экен. Ошол бармак издери менен шектелип жаткан азаматтардын колдорун салыштырып көрсөк бир топ жаңылыктар ачылышы мүмкүн. Казакстан өкмөтүнөн биз жооп күтүп жатабыз. Мени террорист, «Хиз-ут-Тахрир» уюмунун активдүү катышуучусу, Стамбулдан Варшаваны көздөй учту деп Интерполдун казак бөлүмү маалымат берген. Баарыбызга белгилүү Интерпол көчөдөн уккан же жеке адамдан уккан маалымат боюнча бербестен мамлекеттик официалдуу органдардын маалыматын гана берет. Демек, казак органдарына Кыргызстандын тигил же бул органдарынан ушундай маалымат барган болуш керек. Казак өкмөтү тилекке каршы азырынча буга жоопту бере элек. Бирок, эртеби кечпи берет деп ойлойм. Эгер жоопту бербесе бул провокацияда казак өкмөтүнүн да катышы бар деп айыптаганга негиз болуп калат.

- Коомчулукта ар кандай пикирлер болуп жатат.Текебаевдин бангизат менен колго түшүшүнө кандайдыр бир тышкы күчтөрдүн да таасири бар. Атайын жасап, чагымчылык кылыш үчүн же болбосо Кыргызстандагы стабилдүүлүктү бузуш үчүн жасалды дейт. Буга кандай карайсыз?

- Тышкы күч кантип жасайт. Ушул кезге чейин практика болсо. Самолеттор учуп келсе аны чек арачылар каттабастан, бажычыларды жакын жолотпой өзү тозуп, баарын учуруп турса, самолеттор тизилип бангизаттар, куралдар балким бизден чыгып жаткандыр. Практика ушул кезге чейин болгон. Бажыканачыларды, чек арачыларды жеке кызыкчылыгы үчүн үй-бүлөнүн өкүлдөру пайдаланып, көп нерселерди бурмалап, жаап-жашырган операцияларды жасап жүргөн. Мына эми Текебаев менен да жасап койсо боло берет деген. Уксузга чыланган баштыкты алып өтүш үчүн бул жерден атайын ит алыстан сезип чуркап келсин деп. Эми ойлоп көрсөңүз. Судья да айтты да уксузга чылап алып жаман сапатсыз бангизатты көтөрүп алып жүргөндүн өзү бул акылга сыйбаган иш. Мен төрт аэропорт аркылуу өттүм. Ошону биздин аэропорттон өткөрүп жибериш үчүн кызмат колунда болуш керек. Бул жерден атайын өткөрүп жиберип, президентибиз Турцияда жүргөн, Польша менен биздин кандай чатагыбыз бар. Аны чет элдиктер жасаган. Кыргызстандан аман-эсен өткөн деп айтабыз кыргызча жасалган иш болуп калды. Өзүлөрү тарткан тасманы өчүргөндү унутуп калышкан. Казак Интерполунан булардын изи чыгып калат. Бармактарынын издери калып калган. Эми алар ойлогон Кыргызстанга келип ким текшермек эле Текебаевден чыккандан кийин өзү отурат деп ойлошкон. Үчүнчү күч да эмес, чет эл да эмес муну накта эле кыргыз ака-үкалар жасаган.

- Өмурбек мырза, президенттин парламентке келип, ал жерден сүйлөп, депутаттар менен жолугушуусу сизге кандай таасир калтырды?

- Кыргыздар айтат: «Ууру тойгончо жейт, өлгөнчө карганат» деп. Мен ушуну менен гана жооп берем. Алар биз кылдык деп мойнуна алмак беле. Эгер аныкталып калса он, он беш жылга камалат. Камалганы го мейли, абийири кетет. Бийликтен кетишет. Албетте, күбөлөрдү мурунку берген көрсөтмөлөрүнөн баш тарттырганга аракет кылат. Сот органдары бизде Польшадагыдай көз каранды, эркин болбой бирөөнүн көзүн карап турса, чечим алдын ала эле белгилүү ошондуктан мен кечээ айттым соттун, прокурордун чечиминин бизге кереги жок. Бизге элдин чечими керек. Бул саясатчы үчүн эң чоң система.

- Эл чечет, эл сот деп жатасыз. Бул жүйөлүү пикир. Бирок ушул окуяны Текебаев менен Бакиевдин ортосундагы тирешүүдөн пайда болуп, Текебаев өзү деле жасашы мүмкүн деген пикирлер бар. Бул окуя ырбап отуруп, Кыргызстанда саясат кайсы жагына өзгөрүшү мүмкүн? Бул окуя Текебаев үчун эмес, бийлик үчүн эмес, Кыргызстанга жаман аброй алып келгени көп айтылууда…

- Жаман абройду Текебаев эмес, Бакиевдер алып келди. Бакиевдер өзүлөрүн гана эмес, Кыргызстанды да шерменде кылды. Элдин арасында мындай айткан адам жок. Акылы болсо уксузга чыланган героинди көтөрүп төрт аэропорттон ошол айткан киши өзү өтүп көрсүн. Кайрылып келет бекен же жок бекен. Мен кайрылып келбей калышым да мүмкүн эле. Мен абийирдүү соттун колуна түшкөнүм үчүн бактылуумун деп жатам. Мен Туркиядан колго түшпөстөн Варшавага барып калганыма бактылуумун.

- Акыйкаттуу чечим болушу мүмкүнбү?

- Бакиев кеткенде гана акыйкаттуу чечим болот. Ага чейин бийликтегилер күбөлөрдүн көзүн тазалап койсо кийин сот дагы болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан күбөлөр качып жүрүшөт. Бизге курал, кароолчу бергиле деп. Ошондуктан алар кечеки айткан сөзүнөн кайтып жатат. Бирок, Бакиев төрт жылдан кийин кетет ошондо баары айтып чыгат.

- Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров кандай чечимге келиши мүмкүн? Өзүңүз сыяктуу акыйкатты сүйлөп жүргөн депутат эле…

- Мадумаров эч кандай чечимге келбейт. Кожоюн эмне десе ошону айтат.

- Өмүрбек мырза, эртең Аксыда курултай өткөнү жатат. Курултай боюнча сиздин пикириңизди уксак?

- Бул сегизинчи курултай. Аксы окуялары башталганда биринчи курултайды өткөрүү демилгеси менен «Элдик конгресс» деген уюм чыккан. Ал конгресстин катарында биздин «Ата Мекен» социалисттик партиясы да болгон. Биринчи курултайды конгресстин атынан мен ачып, алып баргам. Бул бир партиянын же саясий блоктун гана иштөө формасы болбостон, Кыргызстандагы жалпы саясий кыймылдардын кызматташуу формасы болуп калган. Март окуяларынан бери бир жарым жылдан ашык убакыт өттү. Ошондон кийинки түзүлгөн саясий, экономикалык кырдаал. Буга баа берилип, андан чыгуунун жолдору изилденип, конкреттүү сунуштар киргизилмекчи. Сегизинчи курултайды өткөрүүнүн демилгечиси болуп «Асаба» партиясы жана анын теңтөрагалары болуп жатат. Биз «Реформа кыймылы» курултайдын ишине катышаарыбызды бир нече ай мурун эле билдиргенбиз. Мына эртең «Реформа кыймылынын» Бишкектеги өкүлдөрү, жер-жердеги өкүлдөрү Аксыны көздөй жолго чыкканы турушат.

- Маегиңизге рахмат.

Жаркын Суран кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG