Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

ЭРТЕҢ АКСЫДА СЕГИЗИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТӨТ


Эртең (17-сентябрда) Аксынын Боспиек айылында Кыргызстан элинин сегизинчи курултайы өтөт. Бир катар оппозициячыл жана чордончул партиялар, уюмдар, бирикмелер баш кошкон бул ири жыйында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланып, президент Курманбек Бакиев баштаган жаңы бийликтин ишине саясий баа берилет. «Асаба» партиясынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан бул курултайга белгилүү саясатчылар, укук коргоочулардан сырткары республиканын ар кайсы аймактарынан келген өкүлдөр да катышмакчы. Уюштуруучулардын болжолунда, курултайдын катышуучуларынын саны бир нече миңге чейин жетиши мүмкүн.

Бул курултайды өткөрүү алгач жай айларына белгиленип, бирок кийинчерээк күзгө жылдырылган.

Курултайды уюштуруп жаткан «Асаба» партиясынын теңтөрагасы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров ушул айдын башында курултай 17-сентябрга белгиленгенин жарыялап, анын себептерине токтолгон:

- Азыр кудум Акаев доорунда жашап жаткандайбыз. Кадр саясатын карасак, бийликте Жанузаков, Жумалиев, Ибраимов жана Акаевден башкасынын баары эле отурат.


Мындай курултайдын алгачкысы 2002-жылкы Аксы окуясынан кийин өткөн эле.

Аны өткөрүү демилгесин курамына бир катар партиялар кирген «Элдик конгресс» уюму көтөрүп, биринчи курултайды "Атамекен" партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев ачып, алып барган.

Өмүрбек Текебаев сегизинчи курултайга "Атамекен" партиясы жана «Реформа үчүн» кыймылы да катышаарын айтып, курултай өлкөдөгү саясий кыймылдардын кызматташуу формасы болуп калганын белгилейт:

- Бул бир партиянын же саясий блоктун эле эмес өлкөдөгү жалпы саясий кыймылдардын кызматташуу формасы болуп калды. Эртеңки курултайда март окуясынан берки бир жарым жыл аралыгындагы өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык абалына баа берилип, андан чыгуунун жолдору изилденет жана конкреттүү сунуштар киргизилмекчи.

Курултайды уюштуруп жаткан Азимбек Бекназаровдун айтымында, анда коюлган талаптарды аткарууга бийликке дагы убакыт берилет:

- Биз дароо эле бийликтегилер кетсин дебейбиз. Октябрь же Рамазан айы ичинде ушундай маселелерди чечкиле деген талап коебуз. Эгер бул мөөнөттө аткарылбаса курултайдын Бишкекте өтчү экинчи этабында «Президент кетсин» деген гана талап менен чыгабыз

Канткен менен коомчулукта мындай курултайды өткөрүүгө каршы пикирдегилер, анда коюлуп жаткан талаптарга макул болбогондор да жок эмес.

Депутат Исхак Масалиев мындай курултайдын өтүшүн туура көрбөгөнү менен анын айрып талаптарына кошулат:

- Менимче курултай өткөрүүнүн кереги жок эле. Бышпаган маселени козгоп, элди кайра-кайра козгоштун кажети жок болчу. Бирок мен анда козголуп жаткан айрым талаптарга, маселен конституциялык реформа жүргүзүү талабына макулмун. Ошол эле учурда президент менен премьер-министр кызматтан кетсин деген талаптарга эч кандай шарт жок деп эсептейм.

Курултай учурунда коопсуздук чараларын жергиликтүү милиция көзөмөлгө алат.

Ички иштер министри Мурат Суталинов «Азаттыкка» ал жакка кошумча күч жиберүүнүн эч кандай зарылдыгы жоктугун билдирди.


Курултайга өлкө президенти баштаган бийлик өкүлдөрү да чакырылган эле.

Бирок, президент Курманбек Бакиев бейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө чакырылганы үчүн уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, курултайга катыша албастыгын айткан.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов да курултайга бара албастыгын билдирди.

Бүгүн курултайга Жалалабат облусунун жетекчилиги да катышпастыгы маалым болду.


Шайырбек Эркин уулу, Бишкек.

XS
SM
MD
LG