Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

БЛОКТОРГО КОШУЛБАГАН МАМЛЕКЕТТЕРДИН КУРУЛТАЙЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ


Эч блокко кошулбагандардын курултайы Кубанын баш калаасында аяктады. Гаванадагы жыйында Иран өзүнүн Батыш менен ядролук талашына кеңири колдоо таба алды. 118 өлкөнү бириктирген курултайда ар бир өлкөнүн тынчтык максатта ядролук энергия өндүрүүгө укуктуу экендиги айтылган билдирүү кабыл алынды. Документте ошондой эле Бириккен Улуттар уюмун реформалап, жарды өлкөлөргө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү жана терроризмге каршылык көрсөтүү талабы айтылды.

Токсон эки барактан турган жыйынтыктоочу жарыяда башка маселелер менен катар Ирандын ядролук энергия өндүрүү укугуна колдоо билдирилди. Кошмо Штаттарына сын айтылган билдирүү кечээ бир добуштан кабыл алынды.

Кубанын тышкы иштер министри Фелипе Перез Рок ар бир өлкөнүн тынчтык максатта ядролук энергия өнүктүрүүгө укугу бар экендигине басым жасады:

– Биздин өлкөлөр тынчтык максатта ядролук энергияны колдонууга укуктуу. Биз ядролук техонологиялардын үстүнөн монополия орнотуп алгандарга каршыбыз. Биз эки жүздүүлүккө жана кош стандарттарга каршыбыз. Биз ядролук куралы барлардын куралдарын көбөйтүп, бир эле мезгилде башкаларга ядролук энергияны электр жарыгы, медицина сыяктуу тынчтык максаттарга колдонушуна тыю салуу аракетине каршыбыз.

Документте Бириккен улуттардын ядролук агенттиги болгон МАГАТЭ Иран өзү билдирген бардык ядролук материалдардын санын тактагандыгы айтылат жана Иранды МАГАТЭ менен кызматташууну улантууга чакырат.

Курултайда айрым катышуучулар АКШнын үстөмөндүгүнө каршылык көрсөтүү зарыл деген маселеге колдоо билдиришти. Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Кошмо Штаттары БУУнун Коопсуздук кеңешин өз саясатын таңуулоонун куралына айландырып жатат деп нааразы болду:

- Кошмо Штаттары жана башка дүйнөлүк державалар Коопсуздук кеңешин өз саясатын таңуулай турган база катары колдонуп жатышат.

БУУнун баш катчысы Кофи Аннан күч-кайраты чектелүү мамлекеттердин суроо-талаптарына Коопсуздук Кеңеши көбүрөөк көңүл бурушу керектигине макул болду.

Түндүк Корея өзүнүн ядролук программасын жактады. Жогорку Элдик жыйындын президиумунун президенти Ким Йон Намдин айтымында, Кошмо Штаттарынын саясаты Түндүк Кореяны ядролук курал менен коргонуудан башка арга калтырган эмес.

– Демократиялык элдик Корея жумуриятынан сүйлөшүүгө шарт коюсуз кайтып келүүнү талап кылууга эч кандай негиз жок. Түндүк Корея эч качан АКШнын санкцияларынын алдында сүйлөшүүгө кайтып барбайт.

Кубанын президентинин кызматын аткарып жаткан Раул Кастро жана Венесуэланын президенти Хуго Чавез да АКШнын саясатын катуу айыптап, ошол эле мезгилде эч блокко кошулбаган өлкөлөр кайсы бир конкреттүү өлкөгө каршы эмес деп ырасташты.

Айрым лидерлер самитте өз коңшулары менен чатактарын сөз кылышты. Пакистандын президенти Первез Мушараф жана Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Синг Кашмир аймагы боюнча сүйлөшүүнү кайра улантууга жана терроризге каршы бирге күрөшүүгө макул болушту.

Эч блокко кошулбаган өлкөлөрдүн декларациясында терроризм айыпталат, ошол эле убакта өз алдынчалык үчүн жана чет элдик баскынчылыкка каршы күрөшкөн күчтөргө колдоо билдирилет. Анын ичинде Израилдин палестин аймактарындагы "мыйзамсыз" саясаты жана бул өлкөнүн жакына Ливанга жасаган чабуулу катуу сынга алынат.

Кубанын али толук сакайа элек президенти Фидел Кастро келерки үч жылга Бирикпеген өлкөлөр кыймылынын президенти болуп шайланды. Бирок, Кастро өзү жыйынга катыша алган жок.

Бирикпеген өлкөлөрдүн кыймылы Батыш өлкөлөрү менен Советтик блокко кирүү кысымына каршы болгондордун демилгеси менен 1961-жылы негизделген.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG