Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

МАКУЛ -ЖОКТУН АЙЫРМАСЫ


Аксынын Боспиегинде өткөн курултайда конституциялык реформаны өткөрүү, Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу, мурдагы элдик курултайлардын чечимин аткаруу сындуу саясий талаптар коюлду. Айтылгандарды ишке ашырууга бийликке бир айлык убакыт берилди.

Саясаттын күзү ыкшоо окуялар менен коштолору кыйладан бери айтылып келаткан. «Матрешкага» байланышкан талаштын изи сууй электе Боспиекте жалпы элдик курултай өттү. Негизги талаптардын баары конституциялык реформаларды тездетүү, Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү жазалоо, мурдагы иш-чараларда белгиленгендердин кандай аткарылып жатканын жарыя кылуу сындуу буга чейин көп айтылып келген сөздөр, сунуштар дагы кайталанды.

- Бийликке бир жылдап мөөнөт берилген. Ушул эле маселелер бир жыл мурда коюлган,- деп айтты Азимбек Бекназаров.

Саясат таануучу Нур Омаровдун ырасташынча, ушундай эле талаптар мурдагы бийлик тушунда деле коюлуп келген. Андагы талаптар менен азыркысынын ортосунда анча айырманын болбой жатканы бийликтин да, оппозициянын да ичара ынтымагынын жоктугуна байланыштуу.

- Менин оюмча, оппозиция деле биркыл эмес. Анын негизги проблемасы башчы болчулардын өтөле көптүгү. Эгер алардын ичинде бир башчысы болсо, кайсы бир команда тууралуу кеп кылса болор эле. Кызыктай жагдай. К.Бакиевдин деле биримдик командасы жок. Анын каршылаштарынын деле ахывалы ошондой. Ар бири өзүнө тарткысы келет.

Саясат таануучунун ырасташынча, оппозиция менен бийликтин алдагыдай ичара тарткын мамилеси барып-келип өлкөнүн тагдырына чоң салакасын тийгизерин өткөн жылкы март окуялары ачык көрсөткөн. Ушу тапта элдик жыйындарды дембе-дем өткөрүп жаткан оппозиция, «Эркиндик» партиясынын жолбаштоочу Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда, бийликти алууга маалынан эрте ашыгып жатат.

- Булар бийликтин кыр чокусуна жетүүгө күндүр-түндүр шашып жатат. Мындай жол менен алар жакын арада каалаган жол менен бийликке жетпейт. Бул бир жагы. Экинчи жагынан он-онбеш жыл катары менен күндүр-түндүр талкаланган мамлекетти, экономиканы ушу бир жарым жылдын ичинде таптакыр оңдоп кетүү мүмкүн эмес. Беш талапты коюптур, ушу бир айдын ичинде аткаргын, аткарбасаң анда биз орозо бүткөндөн кийин дагы чыгабыз. Эми чыгышсын, чыгыш алардын өздөрүнүн укугу,- дейт Т.Тургуналиев.

Боспиектеги элдик курултайга катышкандар эгер бийлик коюлган талаптарды бирай ичинде аткарбаса Бакие-Кулов тандемин кызматтан кетирүү талабын көтөрүп чыгышарын эскертишти.

Ошол элдик жыйынга катышып келген «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов курултай талап кылган бир айлык мөөнөттүн маани-жайын момундайча чечмеледи.

- Бир айда эле баарын жасап бизге көргөз деген жок. Бир айга чейин бурул, көрмөксөн болбо, ушул маселелерди чечип башта. Бул ультиматум эмес, бул саясий кыймылдын нормалдуу талаптары.

Бийликтин иш-аракети Ө.Абдырахмановдун ырасташынча, мурдагы бийлик менен азыркынын ортосундагы айырмачылыктарга байланыштуу баасын алат.

- Кеп жанагы А.Акаевдин тушунда жасалган саясат өзгөрдүбү-жокпу? Жаңы багыт алдыкпы, алган жокпузбу? Өнүгүү жолуна түштүкпү, түшкөн жокпузбу,- дейт Ө.Абдырахманов.

Буга чейин оппозиция койгон-талап-шарттардын баки-жогуна бийлик баш ийкеп макул болуп, бир да ирет «жок» дей элек. Бирок да баарына макул болуучулуктун артында конкрет иш-аракет көрүнбөй жатканын байкоочулар бирооздон белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG