Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ : «МАТРЕШКА» ОПЕРАЦИЯСЫН АТАЙЫН КЫЗМАТТАР УЮШТУРГАНДЫГЫНА ДАЛИЛДЕР БАР»


Депутат Текебаевге каршы жасалган баңгизат чагымын иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия өзүнүн тыянак чечимин эртең депутаттарга жарыялаганы турат. Бул комиссия баңгизат операциясын президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев уюштургандыгы жөнүндө “Манас” аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун президентке жазылган түшүнүк катынын көчүрмөсүн Казакстандагы көз каранды эмес экспертизага жиберип, жообун күтүп жатат. Парламенттик комиссиянын башчысы вице-спикер Тайырбек Сарпашев «Азаттыктын» таңкы уктуруусуна интервью берип, комиссиянын ишинин соңку натыйжалары жөнүндө суроолорго жооп берди.

- Оболу сонку жаңылыктарды сурайлы. Ушул окуяда башкы күбө катары эсептелип жаткан “Манас” аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыров мырзанын түшүнүк катынын көчүрмөсү көз карандысыз экспертизага, Орусия менен Казакстанга жөнөтүлгөнү туурабы?

- Ооба, туура. Биздин төртүнчү күнү Болот Шерниязовдун колу менен Казакстан жана Орусия мамлекетине кошумча далил катары кол жазма экспертизасына жөнөтүлдү, ал жактан жообун күтүп атабыз.

- Түшүнүк каттын эки-үч башка варианттары пайда болуп кетти деген маалымат бар. Сиздер ошонун бир эле вариантын жибердиңиздерби?

- Биринчи келип түшкөн вариантын жибергенбиз. Ал эми кийинки жазган каттары коомчулукту адаштырыш үчүн жасалган аракеттер деп баалап атабыз азырынча.

- Эми жыйынтык чечим кабыл алынганга чейин анын жообу Казакстан менен Орусиядан келип калабы?

- Текебаевди, Курмановду Хизб ут-Тахрир партиясынын мүчөсү деп жибербеди беле астаналыктар, ошолорго жиберген жообубуз 4-5 күн ичинде кайра келди. Демек, кол жазманы тастыктагандын жообу эрте эле келет болуш керек. Негизинен биз кол жазма боюнча ушул эле нерсени күтүп аткан жокпуз. Анткени биз депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жүрүшүндө бир катар башка далилдерди таап чыктык. Эң башкысы Текебаедин бул ишти өзү жасабагандыгы, ошондой эле бул ишти атайын кызматтар уюштургандыгы тууралуу бир топ далилдерди биз элге жарыяладык. Экинчиден, бул иш атайын жасалгандыгын далилдей турган фактыларды телекөрсөтүү аркылуу түз эфирден бердик. Ал эми кол жазманын айланасында болгон чыр, албетте, президенттин үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар же жок экендиги жөнүндө далил катары каралат.

- Надыр Мамыров мырзанын өзү менен жолугушууга депутаттык комиссияда мүмкүнчүлүк болдубу?

- Бизге андай мүмкүнчүлүктү бербей жатышат. Биз биринчи күндөн тартып эле ал киши менен жолугалы дегенбиз. Мен аны менен бир гана жолу жолуктум. Ошондо ал мага бардыгын танып жооп берген. Анын кол жазмасы биздин комиссияга берилген болчу. Ошол күнү кечинде биздин комиссияга Надыр Мамыровдун президенттин атына жазган катынын көчүрмөсү келип түшкөндөн кийин, биз коопсуздук кызматынын башчысын, баш прокурорду чакырдык. Кеңештик эмне кылсак деп. Анткени бул маалыматты жарыяласак, элде ар-кандай ызы-чуу чыгышы мүмкүн деп. Алар да өздөрүнүн ойлорун айтышты. Ошолордун көзүнчө аэропорттун башка кызматкерлеринен Надыр Мамыровдун түздөн-түз приказ берип, операция жүргүзгөнү тууралуу маалыматтарды алдык.

- Башкы прокуратура суракты баштаптырбы? Шектүү адамдарды суроого комиссия мүчөлөрү да катышабы?

- Мен үй шартыма байланыштуу бейшемби күнү апамдын жылдыгын бергени Токтогулга жөнөп кеткем. Ал эми менин ордума Болот Шерниязов калган. Мага чалышты, баш прокуратура сураганы жатат деп. Төртүнчү күнү биздин комиссиянын мүчөсү Болот Шерниязов барып кошо катышып, эң башкы күбөлөрдүн бири болгон Ильхам Давыдовду сураган.

- Эмне жооп бергенин сизге белгилүүбү?

- Азырынча маалымат жок, мен кечээ гана келдим. Бүгүн жумуштан кийин барып улантабыз.

- Маңзат салынган матрешканын өзү Польшадан келчүдөйбү? Себеби ал жерде кармаган адамдардын манжаларынын белгиси болсо керек?

- Ооба, ал жерде манжаларынын белгиси бар деген маалыматтар бар. Иликтөө жүргүзгөндө прокуратурага келип түшөт болуш керек. Кимдердин манжаларынын белгилери бар экенин тактасак, чындыкка дагы бир кадам шилтейбиз.

- Ал эми мамлекеттик комиссия менен кызматташуу жагы кандай?

- Мен төрага катары өзүмдүн сунушумду айтып атам. Негизинен саясий жактан биз көптөгөн далилдерди келтирдик. Биринчиден, биз парламенттин репутациясын сактап калдык, депутат мындай ишке барбагандыгын ырастадык. Экинчиден, биз кимдин катышы бар экенин далилдедик. Мамлекеттик комиссия суранып атат кызматташууга даярбыз деп. Биз мындай деген сунуш киргизип атабыз, беш киши өкмөт, президент тараптан болсун, ал эми беш киши парламенттен, комиссия сунуш кылган депутаттардан болсун деп. Он киши болуп материалдарды өткөрүп берсек деген сунушка мен макулмун. Мындан ары дагы иликтөө ишин жүргүзгөндө, комиссиянын жыйынтыгын чыгарарда дагы мамлекеттик комиссия менен чогуу иштегенге даярбыз.

XS
SM
MD
LG