Террорчулуктан шектелип, дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде кармалган туткундарды АКШ жетекчилиги 2001-жылдан бери Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасында кармайт. Укук коргоочулардын айтымында, алардын айрымдары мурда кээде башка мамлекеттерге жашыруун алып барылып, сурак учурунда кыйноого да алынган.
Дүйнөлүк коомчулук ага катуу каршы чыккандыктан, АКШ өкмөтү атайын мыйзам долбоорун даярдаган жана Гуантанамо базасында кармалгандарды соттой турганын билдирген, бирок соттор менен тергөөчүлөр өзгөчө укуктарга ээ болууга тийиш. Анткен менен үстүбүздөгү жылдын июнунда АКШнын өзүнүн Жогорку соту - андай кадам мыйзамга каршы келет деп чыккан жана өкмөт жаңы долбоор даярдады.
Конгресстин аскерий маселелер боюнча комитети аны 14-сентябрда талкууга салганда, жыйынга президент Жорж Буш өзү келди, бирок Комитет долбоорду четке какты жана ага президенттин өзүнүн Республикалык партиясынын төрт мүчөсү каршы добуш берди. Натыйжада алты добуш артыкчылык менен сенаторлор Жон Уорнер менен Жон Маккейн даярдаган башка долбоор өттү, алар экөө тең Республикалык партиянын мүчөлөрү.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин сенатор Уорнер - эл аралык сахнада ансыз деле кадыр-баркын жоготуп бараткан АКШда президенттик долбоор кабыл алынганда, абал ого бетер начарламак жана ага бөгөт коюш керек болчу деп билдирди: Биз бул долбоорду даярдап жатканда, аны - Женева конвенциясын АКШ өзү аткарбай жатат деп мындан ары эч ким айта албагандай кылып жазып чыктык", - деди сенатор.
Президент Буштун айтымында, эң биринчи орунга өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгын коюш керек, ал үчүн болсо келечекте мүмкүн боло турган террор аракеттеринин алдын алыш керек. Туткунга түшкөн шектүү адамдар даярдалып жаткан андай кылмыштар тууралуу баалуу маалымат бериши мүмкүн, ошондуктан андай маалыматка жетүүнү камсыз кылган мыйзамдуу программа иштелип чыгыш керек.
"Андай программа биздин адистерге мыйзамдуу негиз түзүүгө тийиш жана алар өз ишин аткарып жватканда, мыйзам бузбаганын сезиш керек. Мен ошону сурап жатам. Жана андай программанын ишке ашырылышына тоскоолдук түзгөн кандай болбосун мыйзамга мен каршы болом", - деди президент талкуудан кийин.
Британиянын "Гардиан" гезити 18-сентябрда жазып чыкканга караганда, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги - туткундарга каршы муздак температура, аларды уктатпай коюу же майыптуулукка алып келбеген башка күч чараларын колдонууга уруксат берилиш керек деп айтууда.