Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

РИМ ПАПАСЫ ИСЛАМ ТУУРАЛУУ АЙТКАНДАРЫНА ӨКҮНҮЧҮН БИЛДИРДИ


Рим Папасынын жакында ислам жөнүндө айткан сөздөрүнө өкүнүп турганы жөнүндөгү билдирүүсү дүйнөдөгү мусулман лидерлери арасында ар кыл маанайда кабыл алынды. Католиктердин лидери анда орто кылымдардагы падышанын ислам жөнүндө айтканын эске салып, мусулмандар динине акаарат келтирди деп катуу сынга кабылган.

- Рим папасы мусулмандардын таанылган динаятчысы алдында тизе бүгүп жыгылып, экинчи мындай акылга сыйгыс сөздөрдү айтпагандай исламды түшүнүүгө аракет кылышы керек.

Бул Ирандык белгилүү динаятчы Ахмад Хатаминин жекшембиде айткандары. Ал жана башка мусулман аалымдар католик чиркөөсүнүн лидеринин 12-сентябрь күнү Германиянын Регенсбург шаарындагы университетте айткандарын терең ачуулануу менен комментарийлеп жатышат.

-Мага Мукамбет (пайгамбар) кандай жаңылык алып келгенин көрсөткүлөчү, анда силер жалаң карасанатайлык менен адамгерчиликсиз нерселерди табасыздар. Мисалы, анын кылычтын күчү менен өзү сыйынган динди жайылтууга берген буйругун алалы, - деп айткан эле Рим папасы Германиядагы университетте дарс окуп жатып.

Ислам жөнүндө көп ойлонбой айткан сөздөрү катаал реакция жараткан соң, Папа Бенедикт XVI жекшембиде: “Германиядагы университетте айкандарым мусулмандар арасында нааразычылык жаратканына терең өкүнүчтөмүн. Орто кылымдарда айтылган сөздөрдү гана эске салган элем, ал менин пикирим эмес”, - деп билдирди. Рим Папасы анын ниети бир гана диндер арасындагы чын дилден баарлашууга чакыруу, христиандар менен мусулмандар ортосунда урматтоо сезимин орнотуу болгонун белгиледи.

Айрым мусулман динаятчылары Рим папасынын кийин өкүнүп калганы жөнүндө айткандарын түшүнүү менен кабыл алышты. Түркиялык мусулмандардын эң жогорку өкүлү Али Бардакоглу Папа Бенедикттин бул сөздөрү ал ислам динин урматтай турганына ынандыра алат деп билдирди. Мисирлик оппозициячыл мусулмандар бир туугандыгы уюму Рим Папасынын кийинки билдирүүсүн кубаттап, бирок топтун жетекчисинин орун басары Мухаммад Хабиб аны толук кечирим суроону көздөй алгачкы кадам деп сыпаттады.

- Мен Папанын бүгүнкү билдирүүсү анын шейшембиде Германияда айткандарынан чегинүү деп белгилей кетким келет. Бул – ислам дини жана мусулмандар алдында кечирим суроого жатпаса да, аны көздөй жасалган жакшы кадам боло алат.

Саясатчылар динаятчылар жандырган “чыракка май тамызбай” унчукпай кутулууну туура көргөн өңдүү. Бир гана Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Йоханнес Лайтенбергер Рим Папасынын айткандарын көбүртүп-жабыртып, ашыкча комментарийлөөдөн сак болууга үндөдү.

- Еврокомиссиянын пикиринде, кандай болбосун көз караш бирөөнүн чыныгы айткан сөзүнө карата билдирилет. Айтылган сөздүн жалпы маанисин бузуп, арасынан гана тандалма сөздөрдү жулуп алып, комментарийлөө бул болбогон иш. Жалпылап айтканда, комментарийлер айтылган сөздүн мааниси-маңызынан ашып-ташып кетпей, тең салмакта болушу керек. Болбосо ал сөз эркиндиги принцибине шек келтире баштайт.

Франциянын президенти Жак Ширак радиодон элге кайрылган сөзүндө эч кимдин ысымын ачык атабай, жөн гана ар бир адам коомдогу чыңалууга алып келчү сөздөрдөн оолак болууга милдеттүү деп белгилей кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG