Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 13:56

АКСЫДАГЫ КУРУЛТАЙ : 17-СЕНТЯБРЬ 2006 -ЖЫЛ


"Асаба" партиясы жана "Реформа үчүн" кыймылы уюштурган курултайга эки миңден ашык адам катышты. Анда чыгып сүйлөгөндөр расмий бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын катуу сынга алышты. Курултай конституциялык реформаны тездетүү, Аксы окуясын бир айдын ичинде адилет карап чыгуу, оппозиция өкүлдөрүн куугунуктоону токтотуу, “матрешка” чатагына тиешеси бар адамдарды жоопко тартуу, президент Бакиевдин чет жакта элчи болуп жүргөн инилерин кайра чакыртып алуу талаптары коюлган чечим кабыл алды.







Фотобаянды даярдаган Замира Кожобаева

XS
SM
MD
LG