Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН “РАДИОМАШЫГУУСУ” МЫЙЗАМСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ


Бүгүн Жогорку Кеңеште парламент менен Коргоо министрлигинин ортосунда чыккан чырды иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагы угулду. Комиссия ушул жылдын 1-августунда Коргоо министрлигинин аскерлерди парламент имаратына күч менен киргизүү аракетин толугу менен мыйзамсыз деп тапкан. Министр Исмаил Исаков муну жөн гана радиомашыгуу өткөрүү белгиленгени менен түшүндүрдү. Талкуу учурунда Исмаил Исаковдун дарегине кескин сын пикирлер айтылып, министрге ишеним көрсөтпөө сунуштары айтылды.

Чыр вице-спикердин буйругу менен Коргоо министрлигинин байланыш башкармалыгынын кызматкерлери парламент имаратында жайгашкан бөлмөлөрүнө киргизилбей койгондон чыккан. Коргоо министрлиги бул чечимге баш ийбей, парламент имаратына аскерлерди күч менен киргизүүгө аракет кылып, аны радиомашыгуу деп түшүндүргөн.

Бул чырды иликтеген парламенттик комиссиянын башчысы Каныбек Иманалиев Коргоо министрлигинин мындай аракетин толугу менен мыйзамсыз деп эсептейт:

- Комиссия тиешелүү документтерди карап чыгып, мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Биринчиден регламент боюнча Жогорку Кеңештин имаратында башка министрликке же ведомстволорго таандык мекемелер жайгашпашы керек. Андан сырткары бул башкармалык бир айдын ичинде чыгып кетсин деген өкмөттүн 1995-жылдагы токтому ишке ашкан эмес. Конституция боюнча кыргыз армиясына ички саясий маселелерди чечүүгө тыюу салынат. А министрлик чарбалык талаш-тартышын чечүү үчүн аскер колдонуп жатат. Аны колдонгон жетекчи сөз жок мыйзам алдында жооп бериши керек. Бул биринчиден, эки бийлик ортосунда карама-каршылыкты күчөтүп отурат. Экинчиден – бул провокация.

Депутаттардын алдына чыккан коргоо министри Исмаил Исаков коюлган талап туура экенин, бирок эч кандай парламент имаратын басып алууга аракет болбогонун, ал күнү жөн гана радиомашыгуу белгиленгенин дагы бир жолу айтты. Министр ошондой эле депутаттык комиссия бир жактуу тыянак чыгарган дейт:

- Биринчиден байланыш башкармалыгы мыйзамдуу жайгашкан. 1992-жылкы өкмөт токтому менен бул бөлмөлөр министрликтин карамагына кайтарымсыз түрдө берилген. Экинчиден, бул жерде вице-спикер Исабековдун буйругу боюнча бир да сөз жок. Чырдын башы ошол аскер кызматкерлери иш ордуна киргизилбесин деген буйруктан чыгып жатпайбы. Комиссия эки жагын тең карап, бул туурабы, туура эмеспи деген маселени да койушу керек да.

Коргоо министри Исмаил Исаков суроолорго жооп берип жатып, байланыш башкармалыгын парламент имаратынан чыгарып кетүүгө президент буйрук бергенин, жакын арада бул жерден чыгарылаарын билдирди.

Канткен менен талкуу учурунда деуптаттардын көпчүлүгү министрликтин мындай кадамын парламентке күч менен кирүү аракети катары балашып, парламент имаратында эч кандай машыгуу өткөрүү мүмкүн эместигин баса белгилешти. Исмаил Исаковдун дарегине кескин сын пикирлер айтылып, а түгүл депутат Дооронбек Садырбаев министрге ишеним көрсөтпөө маселесин сунуштады.


Мындан сырткары айрым депутаттар коргоо министрлигин биротоло жоюуп же кыскартып, анын эсебинен чек ара кызматын чындоону сунуштап жиберишти. Парламенттик комиссия даярдаган токтом долбоорунда коргоо министрлигинин жетекчилигин кызматтан кетирүү сунушу да бар. Депутаттар бул токтом долбооруна бейшемби күнү добуш беришет.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG