Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:55

БУДАПЕШТТЕ ТОЛКУНДООЛОР ЧЫГЫП, ПРЕМЬЕРДИН КЫЗМАТТАН ЧЕГИНИШИ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби-дүйшөмбү күндөрү Мажарстандын борбору Будапешт шаарында элдик толкундоолор болду. Бийликтин айтымында, Борбордук сыналгынын бир нече студиясы өрттөлүп, жүздөн ашык адам жараат алды.

Акыркы күндөрдө мажар өкмөтү мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө боюнча бир нече жаңы чара киргизген, мисалга алганда, электр кубаты менен газ үчүн баа көтөрүлүп, айрым салыктардын өлчөмү жогорулатылган. Аны менен удаа жекшемби күнү өлкөнүн бир үналгы түйүнү - үстүбүздөгү жылдын 26-майында премьер-министр Ференц Дюрчаны бийликтеги социалисттик партиянын өкүлдөрү менен болгон жыйында сүйлөгөн сөздөрүн обого чыгарган.

Премьер - апрелде өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү максатында социалисттер шайлоо өнөктүгү учурунда жана ага чейин дагы өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу калп айтууга аргасыз болгонун моюнга алган. "Биздин мүмкүнчүлүктөр чектелүү болчу. Биз абалды кызытууга аргасыз болгонбуз жана ал бир топ кеңири өлчөмгө жеткен. Бир да башка европалык мамлекет биз жасагандай ишке барган эмес. Аны биз түшүндүрө алабыз. Жалпысынан алганда, акыркы бир жарым-эки жыл ичинде биз жалган маалымат таратып келгенбиз", - деген премьер өз партиялаштарына.

Радионун жетекчилигинин айтымында, премьердин үнү жазылган кассетаны аларга белгисиз адамдар жиберген, бирок айрым эксперттердин пикиринде, маалымат - премьерге жакын саясатчылар тарабынан чыккан.

Кассетада жазылган үн аныкы экенин Дюрчаны моюнга алды. Ошол эле жекшемби күнү оппозициядагы Граждандык союз деген партия премьердин кызматтан чегинишин талап кылды жана парламент имаратынын алдындагы аянтка ондогон адам чыгып каршылык билдирди.

18-сентябрда дагы андай аракеттер уланганда, ага катышкандардын айрымдары мамлекеттик сыналгы-үналгынын имаратына барууну сунуштаган. Сыналгы алдындагы аянтка миңдеген адам чогулганда, айрымдар аянттагы машинелерди өрттөп жибергенден толкундоолор башталган жана полициянын каршылыгына карабай, ондогон адам түн ичинде сыналгы имаратына кирип, бир нече студияны өрттөп жиберген. Эки каналдын программалары үзгүлтүккө учурады жана тартип таңга жуук гана орнотулду.

Өлкөнүн полиция кызматынын башчысынын орун басары Арпад Сабадфинин айтымында, 102 полициячы жараат алды, алардын биринин абалы оор. Алар негизинен өрттөн чыккан түтүнгө ууланган жана толкундоолор мынчалык деңгээлге жетет деп күтпөгөндүктөн, противогаздары жок болчу. Элүүгө жакын башка да адам жарадар болду.

Ички иштер жана коомдук тартип министри Йожеф Петретеи кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди, 19-сентябрда Будапештте Улуттук коопсуздук кеңеши менен парламенттин шашылыш жыйындары башталды. 18-сентябрда Сочи шаарында орус президенти менен жолуккандан кийин, премьер Мажарстанга кайтып келди, бирок анын партиясынын айтымында, Дюрчанынын кызматтан чегинишине эч негиз жок.

XS
SM
MD
LG