Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ИЛИМ ЖАНА МЕДИЦИНА ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Жаңы муундагы жасалма мүчөлөрдү мээнин сигналы менен кыймылдатса болот. Чикаголук Клаудия Митчелл азыр дал ошондой протезге ээ болду. Канадалык дарыгерлер болсо жаш өткөн сайын адамдар үчүн туулган күн майрамы кооптуу боло баштайт дешет.

Клаудия мындан 3 жылча мурун жол кырсыгына учурап, сол колунан ажыраган. Ага азыр дагы 5 киши менен кошо жаңы компьютерлешкен протез коюлду. Дарыгерлер анын мээсиндеги нерв тамырларын электроддор менен байланыштырышкан. Ошол электроддордун жардамы менен мээнин сигналы жасалма колго жеткирилип турат.

-Менин мурдагы жасалма колум жакшы иштечү эмес, ыңгайсыз болчу,- деп бөлүшөт кубанычы менен 26 жаштагы Клаудия.

Бионикалык протезди Чикагодогу Реабилитация институтунун кызматкерлери иштеп чыгышкан. Тодд Кайкен институттун инженердик борборун жетектейт:

-Ал колун Клаудия жашылча жемиш, этти туураганда, сүлгү, кийим кечелерин бүктөп жыйнаганда эркин эле колдоно алат.

Көпчүлүк жасалма мүчөлөр менен бир нерсени ачып-жабуу, чыканагын бүгүү
өңдүү жөнөкөй кыймыл-аракеттерди эле аткарса болот. Жаңы муундагы жабдыктарда болсо электроддор колдонот. Митчеллдин мисалын алсак, хирургтар анын колу менен байланыштырып жүргөн нервтерин төшүнө туташтырышты. Албетте мындай технология арзан болбойт. Компьютерлешкен жасалма колдун баасы 40-80 миң доллар турушу мүмкүн.
Анын үстүнө аны улам текшерүүдөн өткөрүп туруу керек.

Канадалык дарыгерлер “Неврология” журналында жарык көргөн макалада адмадардын инфаркт болуу коркунучу туулган күнүндө 27 процентке өсөт экен деп ырасташат. Анын себеби – стресс. Балдар үчүн туулган күн белек-бечкек, майрам өңдүү позитивдүү эмоцияларды эске салса, чоң кишилер болсо улгайып баратканын ойлошот экен.

Макалада бир пациент-аялдын мисалы келтирилет. 75 жашка жакындаган сайын ал абдан тынчсызданчу экен. Көрсө анын энеси 75 жашында каза болуптур.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Владимир Хашински болсо туулган күндү жакшы өткөрүш үчүн арак, шараптан аша ичпеш керек деген кеңешин берет:

-Ал күнү тамакты да чебердеп, ченеми менен жеш керек.

Голландиялык изилдөөчү Роналд Ван Ри болсо тамак аш аллергиясынан айыктыра турган ыкманы тапканын айтат. Окумуштуулар аллергияны чакырган молекулаларды аныктай алышты. Эми аларды лаборатордук шартта өндүрүп, аллергиядан дарылоочу дарыны, атүгүл астманы алдын алуучу вакцинаны чыгарса болот.

Дарыгерлер жаңгак, жумуртка, балык, сүт, буудайдан өзгөчө көп аллергия болот дешет.
Жаңы дары ойлоп табылса, аны сатып алчу кардарлар абдан көп болчудай. “Лансет” журналынын маалыматына ылайык, астмага чалдыккан адамдардын саны дээрлик бардык өлкөлөрдө өсүп жатат.
Аллергиянын көбөйгөндүгүн түшүндүргөн бир нече теория бар. Эң популярдуусу – бул айлана чөйрөнүн булганышы. Абага бөлүнүп чыккан ар кандай уулуу жана булгоочу заттар балдардын иммундук системасын алсыратышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG