Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

ПУТИН ТҮНДҮК КАВКАЗДА КАРМАШКА КАТЫШКАНДАРГА МУНАПЫЗ БЕРМЕК БОЛУП АТАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Магомед Хамбиев мурдагы Ичкерия жетекчиси Аслан Масхадовдун өкүмөтүндө коргоо министри болуп турган. Орусиялык федералдык күч Чеченстанга басып киргенде ал жикчилдер тарапта кармашка катышкан. Кийин Москвалык бийликти аркалаган Чеченстандын жетекчилиги аны куралын таштап багынып берүүгө мажбур кылган. Бул күндөрү ал «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын Түндүк Кавказ кызматы үчүн маек курган.

«АЗАТЫК»: Орусия бийлиги жакында кабыл алдырат деп аткан Түндүк Кавказда кармашка катышкандарга мунапыз туурасында эмне дээр элеңиз? Аны ийгиликтүү болот деп ойлойсузбу? Канчалык көп кармашка катышкан чечендер эркиндик алат деп ойлойсуз?

ХАМБИЕВ: Чеченстандын президенти менен өкүмөт башчысы жикчилдер тарапта жүргөндөрдү үйлөрүнө кайтып келсин үчүн шарттын жеңилдетишин каалап атышат. Алар жумурияттын ички абалынын оңолушунун камын жешүдө. Мен мунапыз туурасында аны башкы кеп катары айтып жүргөндөрдү билемин. Бирок мунапыз алардын бардыгына кепил болуп берерине күмөнүм бар. Айып коюп аткан тарап кимдин кайсы округдан чыгып келгенин эске алат шекилдүү жана азыркыга дейре мунапыздын кантип өтүшүн түшүндүрүп берген киши жок. Орусиялык айып тагуучулар бул туурасында ооз ачыша элек. Ошондуктан мени менен ой бөлүшкөндөр негизги мунапызды - Рамзан Кадыровдун убадасынан издешүүдө. Алар өздөрү (жикчилдер арасынан – ММ) чыгып келишти. Эгерде алар болгонду болгондой айтып, чындыктан жазбаганда мунапыз аларга жарыяланбай да калышы мүмкүн деп ойлойм.

«АЗАТТЫК»: Сиз кезегинде Ичкерия жумуриятында коргоо министри болгонсуз. Азыр Орусиялык бийликти жактаган Чеченстан жумуриятынын парламентине мүчөсүз. Сиз Чеченстандын ички абалын кандай мүнөздөйсүз? Анда орусиялык бийликтин таасири канчалык өлчөмдө деп ойлойсуз?

ХАМБИЕВ: Эгерде Чеченстандын ички абалы ошончо эле жаман десек чындыкты айтпаган болот элек. Сиз азыркы кезди мындан алты, беш, төрт, үч жыл мурдагыга салыштырып көрсөңүз кыйла эле өзгөрүүлөр болуп атканын көрөсүз. Андай жакшы жышандар ичинде – кыштактар менен шаарлардын кайрадан курулушу. Бүгүн, 2000-жылдагыдай эле Чеченстандын бардык жеринде орусиялык федералдык күчтөрдүн жайгашышы аны көзкарандысыз өлкөгө окшоштурбай атат. Кимдир бирөөлөр уурдалып же жоголуп кетсе аны табуу дегеле мүмкүн эмес. Жоопкерчилик ар бир тургунда болушу керек. Жикчилдер тарапта жүргөндөр кезегинде жаңылышкан. Бүгүн Чеченстан ал кишилер менен да кайра жаралуу керек.

Магомед Хамбиев мырза баардашуусунун этегинде кармашып аткан тарапка кайрылгандай:

ХАМБИЕВ: Эгерде биз Чеченстанга кайрылып келип анын калкын коргобосок анда аны башка бирөөлөр жазайт. Орусиялык олигарх Борис Березовский жазайт, - деп кебин бүтүрөт .

Чеченстан бийлиги депутат Хамбиевди июлдун этегинде Азербайжанга аттантып, бозгундап жүргөн чечендерди алып келүүгө жиберсе чегарадан орусиялык бийлик чыгарбай койгонун да айтып берген.

XS
SM
MD
LG