Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

“ЧЕК АРА” ТАСМАСЫ АЛМАТЫДАГЫ ФЕСТИВАЛДА БАШ БАЙГЕНИ ЖЕҢИП АЛДЫ


Алматыда өткөн “Шакендин жылдыздары-2006” аттуу эл аралык кинофестивалда жаш кинорежиссер Марат Алыкулов тарткан “Чек ара” тасмасы баш байгеге татыктуу болду. Аталган кинофестивалда Орусия, Түркия, Германия,Испания, Грузия, Чехия, Өзбекстан, Казакстан жана башка бир катар мамлекеттердин тасмалары көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстандан Марат Алыбаевдын “Чек ара”, Эмил Жумабаевдын “Кыш” аттуу кыска метраждуу тасмалары көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

Жалпысынын эки жүзгө жакын тасма көрсөтүлүп, анын ичинен 80 фильм фестивалдын програмасына кирген. Мына ошол 80 тасманын ичинен калыстар тобу Марат Алыбаевдин “Чек ара” тасмасын баш байгеге татыктуу деп табышкан. Бул тасмада Казакстанда иштеген эмгек мигранттарынын набыт болгон жолдошун өз өлкөсүнө алып бара жатканда чек арадан көргөн кыйынчылыктары, бажы кызматкерлери менен болгон чыр-чатактары чагылдырылган. Фильмдин режиссеру Марат Алыкулов тасмада учурдагы бардык элдерге тиешелүү болгон көйгөйлүү маселе чагылдырылгандыктан калыстар тобунун көңүлүн бурду деген оюн билдирди.

-Фильмде козголгон тема менин оюмча учурдагы актуалдуу темалардын бири. Бир мамлекеттен экинчи өлкөгө өтүүдөгү кыйынчылыктар буга чейин да болуп келген, мындан кийин да боло берет. Ошондой эле биз бул тасма менен бир эле аймактык чек араны эмес, өлүм менен өмүрдүн ортосундагы, жакшы менен жамандын ортосундагы чек араны, башкача айтканда кененирээк мааниде чагылдырууну ниет кылганбыз.

Бул тасма мыкты чыгармачылык топтун аркасында жогорку деңгээлде тартылган. Андыктан бул нерсе дагы калыстар тобунун көңүлүнүн сыртында калган жок деп кошумчалады фильмдин режиссеру Марат Алыкулов. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын артистери ойношкон бул тасма үч ай аралыгында тартылган.

Буга чейин “Чек ара” тасмасы Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кинофестивалына катышып, калыстар тобунун атайын байгесине татыктуу болгон. Андан сырткары Москвада өткөн кинофорумга да катышкан. Буга чейин үч фильм тарткам, ал тасмалар да бир катар кинофестивалдарда көрсөтүлгөн, бирок алардын бири да баш байгеге татыктуу болгон эмес деди Марат Алыкулов.

-Менин биринчи тасмам бул “Чычкан” аттуу фильм. Андан соң “Жайдын бир күнү” жана “Ленин кечир” деген даректүү тасмаларды жараттым. Бул тасмалар үчүн калыстар тобунун атайын байгелерине жана башка бир катар сыйлыктарга ээ болгом. Ал эми баш байгени биринчи жолу “Чек ара” тасмам менен жеңип алдым.

“Ой Арт” продюсердик борборунун алдындагы жаш кинематографистер фонду тарабынан жаралган бул тасманын бюджети беш миң долларды түзөт деди аталган борбордун жетекчиси Алтынай Койчуманова.

-Беш миң доллар бул болжолдуу гана суммасы. Анткени фильмди тартууда кыргызфильм студиясы да техникалык жактан жардам көрсөттү, ошондой эле Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык дагы финансылык жактан демөөрчүлүк кылды.

“Чек ара” тасмасы октябрь айынын башында Дүшөмбүдө өтүүчү кинофестивалда көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Ошондой эле Смоленск шаарында боло турган “21-кылымдын жаңы киносу” аттуу кинофестивалга да чакыруу алган. Фильмдин режиссеру Марат Алыкулов келечекте ошондой эле “Адеп-аклак” аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартууну ниет кылууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG