Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:06

АКҮЙДӨ КОРРУПЦИЯ ЖОК ДЕЙБИ?


Экс-президент А.Акаевдин буйругу менен эч кандай документи жок 1 635 килограмм алтын республикадан сыртка чыгарылып кеткен. Кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтын» акционердик коомунун канадалык «Камеко» корпорациясы менен түзгөн келишиминен Кыргызстан жарым миллиардка жакын сом зыян тарткан. Ушул жана башка маселелер жайында коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган кеңешмеде кеп болду.

Кийинки кездери коррупцияга каршы күрөш кыйла жайлап, натыйжасы көрүнбөй жатканын президент К.Бакиев жыйынды ачып атканда атайын белгиледи. Азыркы өкмөт, президенттин өзү, аким-губернаторлордун баары коррупциядан алыс турган адамдар, алдым-жуттумдук андан төмөнкүлөрүндө, бажы, салык жыйноо, укук коргоо, билим берүү тармактарында көп кездешет. Алар менен калктын өзү күрөшкөнү ийги деп билдирди президент.

- Азыркы өкмөт коррупцияга малынган эмес. Алардын мындай ишке барышына негиз жок, коррупциядан алдакачан арылышкан. Көпчүлүк губернаторлор да коррупциядан алыс деген үмүтүм бар. Район акимдери да ошондой. Бирок да, коррупция аймактарда, саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо, салык жыйноо жана башка органдарга жайылып кеткенин кайталап кетким келет. Биз мындан кутула албай келатабыз,- деп айтты К.Бакиев.

Анткен менен жогорку бийликтин болгондо да мурдагы президент менен мурдагы өкмөттүн кандай коррупцияланганын К.Бакиев конкрет мисалдардын негизинде чубап чыкты.

- Мурдагы президенттин буйругу менен эч кандай финансылык документтер толтурулбай, бажы документтери жасалбай, республикадан 1635 кило алтын чет өлкөгө ташылып кеткен. Бул 17 миллион 250 миң долларлык чыгымдын орду толтурулган эмес.

Президент К.Бакиев мыйзам сактоо органдары жалданма киши өлтүрүүчүлүккө, диний экстремизмге, экономикалык кылмышка каршы активдүү күрөшпөй жатканын белгиледи. Учурунда экс-президент А.Акаев менен анын жакындарына каршы козголгон кылмыш иштердин саны 106 жеткени айтылып, андан мамлекет жарым миллиарддан ашуун сом, 32 миллион доллар зыян тартылганы кабарланган. Азырынча уу-дууга айланган кылмыш иштеринен жыйынтык чыга элек.

- Кечөө эле келдик, ал жерде жыйын болду. Ошол жердегилер айтышты: «Мына, А.Акаев көрүнгөн шылтоону айтып, чындыкка жакындатпай койду эле. Мына азыркы бийликтин келгенине эки жылга жакындап калды. Эмне үчүн алар чындыкка жакындабайт? Ошол күнөкөрлөрдү, адамдарды иттей атып салгандарды, фашисттердей атып кеткендер эмне үчүн жаза тартпайт, ошолорго буйрук берген адамдар жаза тартпайт», деп маселе коюп жатышат,- дейт Өмүрбек Абдырахманов.

Коопсуздук кеңеш жыйынында Аксы окуясына күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу, өткөн жылдын 17-июнунда бийликти күч менен тартып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш иштер эмдигиче аягына чыкпай турганы белгиленди.

- Мага эч ким маалымат бербейт. Же ички иштер, же Башкы прокуратура, же коопсуздук кызматы иш кандай жүрүп жатат, эмне проблемалар чыгууда, айтышпайт, эч нерсе болбогонсуп отурушат,- деп айтты К.Бакиев.

Мамлекет башчы коррупциянын тизгинин тартууун натыйжасында казынага бюджеттен тыш миллиардка жакын акча чогултулуп жатканын айтты. Бирок ошол эле учурда кийинки кездери көмүскө экономиканын күчөп кеткенин өкүнүү менен белгиледи.

Айтса, бир жылдан бери коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасы катары мектеп балдарына жумшак нан менен сүттүн бериле башташын, социалдык төлөмдөргө деп салыктан тыш акча чогултулуп жатканы, анан да азыркы өкмөттүн жубардай тазалыгы, коррупция жер-жерлерге тарап, Акүйдүн андан сырт калганы тууралуу арбын айтылчу болду. Мындан келди коррупциячылар мурдагы президент А.Акаев менен анын жакын адамдары эле болуп калышабы?

XS
SM
MD
LG