Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

ТАИЛАНДДА БИЙЛИКТИ ГЕНЕРАЛДАР БАСЫП АЛДЫ


Таиландда кан төгүүсүз төңкөрүш жасап, бийликти басып алган аскер башчылары убактылуу өкмөт башчынын ысымы эки жума ичинде аталат деп жарыялашты. Өлкөдө аскердик тартип киргизилип, шаршембиде Бангкоктогу фондулук биржа, мектеп, банктар жабылып турду. Таиланддын бийлигин тарттырып ийген премьер-министри Чинавата Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында жасай турган докладынан баш тартты.

Премьер-министр Таксин Чинавата Нью-Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына катышканы кеткенде, армияны башкарган генералдар шейшембиде танктардын коштоосунда Бангкоктогу өкмөт үйүн басып алып, эшиктерине кулпу илип коюшту. Бир гана падышанын амирин тааный турганын маалымдаган аскер башчылар парламент таркатылганын, конституция күчүн жоготуп, өлкөдө аскердик тартип орнотулганын жарыялашты. Төңкөрүштүн башында турган Таиланддын куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Сонти Буньяратклин шаршембиде улуттук телеканалдан чыгып сүйлөп, төңкөрүштүн себептерине токтолду.

-Биздин коомдо, өкмөттүк мекемелер менен менчик сектордо адилетсиз башкаруу өкүм сүрүп, бул өкмөттүн алдында жашап-иштөө мүмкүн болбой калган.

Генерал Сонти ошондой эле төңкөрүшкө Таиланддын падышасы Адульядеттин эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, өзү өлкөнү башкаруу милдетин алдыдагы эки жума ичинде дайындала турган утурумдук премьерге өткөрүп берээрин кошумчалады.

Таиландга коңшулаш Индонезия, Малайзиянын өкмөттөрү Бангкоктогу төңкөрүштү кескин түрдө айыптап, чукул арада демократияны калыбына келтирүүгө үндөштү. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өкмөттү куралдын күчү менен эмес, шайлоо аркылуу алмаштыруу жолун гана колдой турганын белгиледи. АКШ, Евробиримдик Таиланддын элин саясий талаштарды тынч жол менен чечүүгө чакырышты.

Нью-Йоркто өтүп жаткан Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында шаршембиде чыгып сүйлөмөкчү болгон Таиланддын премьери Таксин Чинавата ал докладын жасабай калды. Төңкөрүштүн башында турган генерал Сонти: “экс-премьер Таксин каалаган убагында Бангкокко келе алат, бирок мыйзамсыз иштерди жасагандар сот алдында сөзсүз жооп берет”, - деп кошумчалады. Полицияда иштеп жүрүп, полковник чининде отставкага кеткен Таксин бат эле бай бизнесменге айланып, ал түзгөн партия 2001-жылкы парламенттик шайлоодо жеңген. Саясий жеңишке жеткен соң, анын алдында элге берген убадаларынын көбүн унутуп, өзүнүн атын алып жүргөн Чинавата компанинин байлыгын арттырууга ашыгып, мындан 2 жыл илгери Англиялык атактуу футбол клубу “Ливерпульду” сатып ала жаздаган.

Акыркы кезде коомчулукта өкмөт башчысы эл турмушун ойлогондун ордуна тегерегине тааныш-туугандарын чогултуп, коррупцияга батып кеткени катуу нааразычылык жараткан. “Гардиан” гезити бүгүнкү санында Таксиндин өмүр баянын иликтеп, ал полицияда иштеп жүргөндө тапкан дос-тааныштарын кийин бизнес жасаганда пайдаланып, чоң саясатка аттанаарда АКШнын Техас штатындагы аты-жыты белгисиз университеттен докторлук наам алганын жазып чыкты.

Батыштык кабарчылар маалымдагандай, негизинен Таиландда кырдаал тынч эле, он миңдеген туристтер кадимкидей кафе-ресторандарда быкылдап, өлкөдөгү саясий төңкөрүштөн бейкапар эс алуусун улантууда. Соңку 74 жыл ичинде башынан 23 мамлекеттик төңкөрүш, же ага болгон аракетти баштан кечирген таиланддыктар арасында да катуу толкундоо байкалбайт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG