Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

БУДАПЕШТТЕГИ ЭЛДИК ТОЛКУНДООЛОР УЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Мажарстандын борбору Будапешт шаарында эки күндөн бери элдик толкундоолор болуп жатат, дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү элүүдөй адам жараат алды, шаардын борборундагы дүкөндөрдүн терезелери талкаланып, машинелер өрттөлдү. Аны менен катар оппозициялык партиялар премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылууда жана эл арасында премьерге болгон колдоо дагы азайып баратат.

Акыркы айларда Мажарстанда салыктар көтөрүлүп, газ менен электр кубатынын баасы жогорулагандыктан Ференц Дюрчанынын социалисттик өкмөтүнө эл арасында болгон колдоо улам азайып бараткан. Мисал үчүн, апрелдеги парламенттик шайлоо учурунда социалисттерди элдин жарымынан көбү колдогон болсо, акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, элдин 60 пайызы азыр өкмөттүн экономикалык саясатын жактырбайт.

26-май күнү өз партиялаштары менен жолукканда, премьер дагы кыйынчылыктар көп экенин моюнга алып, бийликте отурган эки жылдын ичинде биз бир да орчундуу ийгиликке жете алган жокпуз, шайлоону болсо элди алдап утуп алдык деп билдирген. Анын бул сөздөрү үналгы аркылуу 17-сентябрда угузулгандан кийин оппозиция көчөгө чыккан, анын эртеси болсо элдик толкундоолор башталган жана биринчи түнү бир жүз элүүгө жакын адам жараат алды. Үналгы-сыналгы борборунун алдына чогулгандар имаратка да кирип барып, бир нече студияны өрттөп жиберген.

Анткен менен "Сонда ипсос" деген изилдөө борбору 19-сентябрда жарыялаган маалыматтарга караганда, ал өткөргөн сурамжылоого катышкандардын 43 гана пайызы Дюрачаны кызматтан чегиниш керек деп айткан. Бирок суралгандардын үчтөн экиси - алардын экономикалык абалы начарлап баратканын жана абал жакын арада оңолооруна алар ишенбегенин билдирген.

Эл арасындагы мындай маанай күч колдонулган толкуундоолорго алып келгенден кийин 19-сентябрда парламент шашылыш жыйынга чогулуп, мыйзам бузуу аракеттерине барбагыла деп элге кайрылды. Анткен менен он тогузунан жыйырмасына караган түнү Будапешттин Кошута аянтына он миңдей адам митингге чогулду жана алар Социалисттик партиянын кеңсеси жайгашкан Республика аянтына бет алганда, жолдогу көптөгөн дүкөн талкаланып, машинелер өрттөлдү, алардын арасында бир полиция машинеси да бар. Тартип коргоочулар жаш агызуучу газ жана атылган суу колдонууга аргасыз болду, көчөлөргө атчан полиция чыгарылды.

Президент Ласло Шойом болсо түзүлгөн абал үчүн премьер-министрди күнөөлөдү: "Премьер-министрдин окуяларга болгон реакциясы абалды ого бетер курчутту, анткени ал өзүнүн жеке жоопкерчилигин акыркы 16 жылдагы абалга саясий баа берүү менен коштоду. Биздин демократияга болгон ишенимибизге арсар салууну эч кандай максат менен актап болбойт", - деди президент.

Оппозициянын айтымында, толкундоолорду радикалдар уюштуруп жатат, саясий партиялар болсо өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып 23-сентябрда ири тынч митинг уюштурат. 1-октябрда Мажарстанда жергиликтүү шайлоо өткөрүлүүгө тийиш жана анын алдындагы мындай абал бийликтеги социалисттердин турумун бир топ солгундатышы мүмкүн. Элдин 80 пайызы күч колдонууга каршы пикир билдиргени менен, Будапешттеги толкундоолор тынчый элек.

XS
SM
MD
LG