Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

10 ЖАШААР КЫЗДЫН АЙЫНАН РИМ МЕНЕН МИНСК ОРТОСУНДА ЧАТАК ТУТАНДЫ


Минск менен Рим ортосунда дипломатиялык чатак тутанды. Италияга эс алууга келген 10 жашаар Мария аттуу кызды убактылуу багып алган ата энеси Беларустагы балдар үйүнө жибербеш үчүн белгисиз бир жерге катып коюшту. Алардын айтымында Мария балдар үйүндө таяк жеп, сексуалдык ыдык көргөн учурлары да болгон.

Мария-Грация Борначин түрмөгө отурса да Марияны Беларуссияга жибербей турганын айтат. Алгачкы жолу Мария Генуянын жанындагы Коголето шаарчасына 2003-жылы келген. Ошондон бери ал жылына бир ирет италиялык ата-энесинин үйүндө болот.
Чернобыль кырсыгынан кийин иштей баштаган программа менен жай сайын Италияга беларуссиялык балдар келип эс алат. Алар италиялык убактылуу ата энелери менен турушат.

Мария-Грация жана анын күйөөсү Алессандро Жусти Мария Беларуссиядагы жетимдер үйүндө сексуалдык кордоого туш болуп, таяк жеп жүрөт деп ырасташат.
Беларуссиянын билим берүү министр орун басары Татьяна Кавалева алардын айыптоолорун четке какты. Беларуссиянын Римдеги элчиси Алексей Скрипко болсо ал маалымат текшерилет дейт:

-Биз андай ырастоолорду сөзсүз текшеребиз, жана алардын пайда болушуна эмне негиз бергенин да иликтейбиз.

Минскиден 100 чакырымча алыстыкта жайгашкан Вилейка шаарындагы балдар үйүндө иштегендер болсо кабарчылар менен сүйлөшүүнү анча каалашпайт:

-Маселе чечилгенден кийин бир нерсе десе болот, азыр болсо этият болуш керек. Проблемаларды ызы чуусуз чечүү зарыл, - деп чектелди өзүн Микалай деп тааныштырган кызматкер.

Италиялык түгөй 2004-жылы эле кыздын денесинде уруп сабоолордун издерин байкап, аны доктурларга көргөзүшкөнун айтат.

Быйыл болсо деңизде жүргөндө Мария сууга чөгүүгө аракет кылган. Сыягы ал жүрөк үшүн алып бүткөн балдар үйүнө кайтып баргысы келбей, ушундай аргасыз кадамга барган. Ошол драматикалык окуядан кийин Мария-Грация менен Алессандро сүйлөшүлгөндөй кызды айдын башында мекенине жиберүүнүн ордуна, аны жашыруун жерге алып барып коюшту.

Кыз азыр кайда экенин түгөй айтуудан баш тартууда.
Бул окуянын айынан Минск менен Рим ортосунда дипломатиялык чатак тутанды.

Беларуссиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Ваншина жасаган билдирүүдө италиялык түгөйдүн жасаган иши калган чернобылдык балдардын кызыкчылыгына терс таасир тийгизет деп айтылат.

Ваншина ошондой эле Беларус тарап Италиянын бийликтерине Марияга психологиялык жана медициналык жардам көргөзүлөт деген кепилдик бергенин айтты.

Мындай убадаларга карабай, көпчүлүк италиялыктар Жусти үй-бүлөөсү кыздын кызыкчылыгын коргоодо деп санашат.

Коголето шаарчасындагы чиркөөнүн кызматкери Данило Грилло “Гардиан” гезитине айткандай, ал мыйзамды бузуп, Марияга чиркөөдө баш калка берүүгө даяр.

Тараптардын дипломатиялык аракеттерине карабай, маселе жакын арада чечилбейт көрүнөт.
Мария табыла элек, анын багып алган ата энеси болсо тергөөгө карабай, камакка алына элек. Аларга жашы жете элек баланы уурдоо деген айып тагылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG