Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

21-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1894-жылы 24 жаштагы Петербург университетинин бүтүрүүчүсү Василий Бартольд «Туркестанские ведомости» гезитине кыргыз тарыхына байланыштуу макалалар түрмөгүн жарыялай баштады. 2005-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаты Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп өлтүрүлдү.

1881-жылдын бу күнү Пишпекте салынган үйлөрдүн саны жүзгө чамалаган. Алардын 89у шаардыктарга таандык болсо, 7 үй коомдук жана 2 үй мамлекеттик менчикке караган. Шаардыктардын жер менчиги өзүн-өзү бакканга эле эмес, ашыкча жерди ижарага берип, байыганга да жеткен.

1894-жылы 24 жаштагы Петербург университетинин бүтүрүүчүсү Василий Бартольд «Туркестанские ведомости» гезитине кыргыз тарыхына байланыштуу макалалар түрмөгүн жарыялай баштады. Анын «О христианстве в Туркестане до монгольский период», «Туркестан в XIII веке», «К вопросу об археологических исследованиях в Туркестане» сыяктуу макалалары адистер арасында зор кызыгууну жараткан. Кийин ал макалалар болочок академиктин «Кыргыздар» аттуу көөнөргүс эмгегине негиз болуп берген.

1926-жылдын 21-сентябрында Кыргыз областтык соту 1918-жылкы «Беловодск козголоңу» аталган ишти териштирүүнү баштады. Сот ишинин сегиз жыл өткөндөн кийин кайра каралып башталышы, козголоңчулардын ана башчыларынын бири Петр Благодаренко «бүткүл союз старостасы» Калининге «акыйкаттык сурап» кайрылып, аны актап берүүсүн өтүнгөнүнөн улам келип чыккан. Калинин Фрунзе ОГПУсуна маселени жеринде териштирүү жөнүндө тапшырма берген. Ошентип унутулган маселе кайра калкып чыгып, аны менен кошо унутулган Пухов жана Глуховскихдерге каршы сот иши башталган.

2005-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаты Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Түнкү саат он чамасында депутат үйүнө кайтып келаткан маалда, жанкечти аны «Макаров» системасындагы тапанча менен атып, оор жарадар болгон депутат ооруканага жетпей жан берген. Б. Эркинбаев №16-Кадамжай шайлоо округунан парламентке шайланып, бир эле маалда Улуттук олимпиада комитетин башкарып келген.

2005-жылдын бу күнү Азимбек Бекназаровдун баш прокурордук кызматтан бошотулганына нааразы болгон он миң чамалуу адам Аксыда митинг уюштурушту. Алар А. Бекназаровду кайра кызматына коюуну талап кылышкан. Ошондой эле Аксы окуясында набыт болгон 6 адамдын өлүмүнө Курманбек Бакиевдин катышы бар деп күнөөлөшүп, анын Аксыга келишин талап кылышты.

Бу күнү, 1380-жылы Дмитрий Донской Куликов талаасында монгол-татарларды талкалап, 1853-жылы голланд физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Хуан Камерлинг-Оннес, 1911-жылы айтылуу актер Марк Бернес, 1916-жылы советтик актер Зиновий Герд жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG