Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

КАРЗАЙ МЕНЕН МУШАРРАФТЫН НЬЮ-ЙОРКТОГУ КЕР-МУРУ


Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында жалпы саясий талкуулар уланууда. Кечээ күнкү жарыш сөздөрдө Ооганстандын президенти Хамид Карзай Батыш өлкөлөрүндө антиисламчыл маанай күч алып баратканына камтамачылык билдирип, мындай абал цивилизациялардын кызматташтыгына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Ал ошондой эле дүйнөлүк коомчулукту терроризмдин уюгун Ооганстандан башка жактардан издөөгө чакырды.Буга катуу каяша кылып, Пакистан президенти Первез Мушарраф жоопкерчиликти ооган тарапка жүктөдү.

Хамид Карзай өз өлкөсүн терроризмдин эң чоң курмандыгы катары сыпаттады. Терроризмдин очогу Ооганстанда жок, ал башка өлкөлөрдө, ошол очок биротоло талкаланмайынча ооган жеринде кырдаалды оңдоо кыйын болот, деп айтты Карзай. Анын айтымында, экстремисттер Ооганстанга чек ара аркылуу өтүп келип,жергиликтүү калкка,атүгүл антитеррордук коалициянын күчтөрүнө кол салып жатат.

Карзайдын бул сөздөрүн Пакистан президенти Первез Мушарраф өз өлкөсүнө айтылган айыптай кабыл алды. Нью-Йорктогу маалымат жыйынында ал Ооганстандагы проблема жөнүндө Кабул жетекчилери өтө көп калп айтып,мунун айынан Пакистанда да проблемалар пайда болуп жатканын белгиледи. Соңку 27 жылдан бери Ооганстандагы иштердин сазасын жалаң Пакистан тартып келатат, деп айтты ал. Эми болсо ооган жетекчилери бардык күнөөнү коңшуларга оодара салгысы келишет. Пакистанда болуп жаткан бардык окуялардын очогу Ооганстанда, деп ырастады Мушарраф.

Президент Буш Нью-Йоркто Мушарраф менен жолугуп,эгер Усама бин Ладендин чын эле Пакистанда жашырынып жүргөнү тууралуу тастыкталган маалыматтар бар болсо, аны тапканга же жок кылганга буйрук бергенге даяр экенин билдирди. Мушарраф буга жооп кайтарып, бин Ладенди Исламабад өз күчү менен кармагысы келерин айтты.

Жалпы саясий талкууларда Венесуэланын президенти Уго Чавес сөз сүйлөп,Улуттар Уюму азыркы түрүндө антидемократиялык уюмга айланып калганына, ошондуктан аны тез арада кайра куруп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду. Бирок анын башкы бутасы АКШ болду. АКШ,анын айтымында, бүт дүйнөнүн элдерин эксплуатациялап, карактап жана басмырлап бийлеп алганга дама кылууда. Ал эми Бушту Чавес “азезил” деп атады.

Боливиянын президенти Эво Моралес да АКШны маңсоодасына каршы күрөшкө жамынып Латын Америкасын колониялап алганга умтулуп жатат деп айыптады. Булардан мурда АКШны иран президенти да сынга алган болчу. Кечээ болсо иран жетекчилерин Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни сынга алды. Жөөт министри азыркы иран лидерлери регионго жана жалпы дүйнөгө кооп туудурган башкы коркунуч экенин белгилеп,алар үчүн Улуттар Уюмунда орун жок деп билдирди.

XS
SM
MD
LG