Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

НЬЮ-ЙОРКТО БҮГҮН НАТОнун САММИТИ БОЛОТ


Бүгүн Нью-Йоркто НАТОнун тышкы иштер министрлери жолугушат. Жыйында башкы саясий проблемалар жана альянстын глобалдык стратегиясына байланыштуу маселелер талкууланат. Нью-Йорктогу жолугушуу НАТОлук министрлердин альянстын быйыл ноябрда Латвияда өткөнү жаткан жогорку деңгээлдеги саммити алдындагы корутунду сүйлөшүүлөрү болмокчу.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына жарыша Нью-Йоркто НАТОнун жыйынын өткөрүү бир караганда тоңтоосун иштей көрүнөт. Бирок альянстын баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери текши баары азыр Нью-Йоркто жүргөндүктөн оңтойлуу ушу мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууну чечти. Альянстын министрлерин “үй ээси” катары АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс кабыл алмакчы болду.

Жыйында талкуулана турган проблемалардан Схеффер үч маселени бөлүп көрсөттү. Биринчиден,жолугушууда НАТО менен Россиянын алакалары сөз болот. Эки тарап 1997-жылы атайын кеңеш түзүшкөн,андан бери ортодогу талаштар биротоло тамам болуп кеткен жок. Ошентсе да Схеффер терроризмдин жалпы коркунучу эми Россия менен НАТОго өз ара кызматташуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачты деп эсептейт. Анын үстүнө саясий чөйрөдө тараптардын карым-катнашы тереңдеп баратат.

Нью-Йорктогу жолугушууда ооган темасы да талкууланат. Бул жерде Россия менен НАТОго биргелешип аракет кылганга жүйөөлөр көп,өзгөчө бейаскерий чөйрөлөрдө коллективдүү бир катар долбоорлор бар, деп айтты Схеффер.

НАТО азыр Ооганстанга жөнөткөнү кошумча аскер контингентин топтоп жатат. Бу күндөрү өлкөнүн түштүгүндө ири масштабдуу операция башталып, миңден ашуун жаңгерлер жок кылынды. Нью-Йорктогу жолугушууда министрлер альянстын ооган жериндеги озуйпасына байланыштуу маселелердин ушул жана башка өңүттөрүн талкуулашат.

Альянстын баш катчысы ырастагандай,НАТОнун ноябрда Ригада өтө турган жогорку деңгээлдеги саммитинде блокко жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси каралбайт.Схеффер жеке өзү НАТОнун “бала-бакырасы” көбөйүшүн каалай турганын айтып, бирок бу качан болорун билбей турганын моюнга алды. НАТОго киргиси келген “бала” баракатка жетиши керек, деди Схеффер.

Ригадагы саммитте Албания,Хорватия жана Македония альянска кошулганга качан үмүт кыла алат, ушуга жаңсак жооп алышы ыктымал. Алардан тышкары Грузия НАТО менен сүйлөшүүлөрдү ылдамдатууга ынтызар, Украина да альянс менен жүйүр талкууларга камынууда.

XS
SM
MD
LG