23-октябрда мажар калкы - 1956-жылдагы революциянын 50 жылдыгын белгилейт. Эл анда коммунисттик диктатурага каршы чыккан жана көтөрүлүш советтик танкилер менен басылган. Британиялык "Таймс" гезити 21-сентябрда жазганга караганда, мажар эли эмгиче ошол 1956-жылдагы окуялар менен байланыштуу экиге бөлүнгөн жана бир-бирин күнөөлөгөндөр - 1956-жылы сенин атаң коммунисттерди колдогон деп урушат. Гезиттин айтымында, 1973-жылы Чилиде болгон путчтан кийин дагы жаңы муун өсүп чыгып, аскерий бийликти алмаштыруу үчүн 35 жыл кеткен.
Грузия, Украина жана Кыргызстандагы төңкөрүштөр менен салыштырып, Будапешттеги азыркы окуяларды гезит "гуляш революциясы" деп атайт. Бирок Лондон шаарындагы Европалык реформалар борборунун эксперти Катинка Барыштын пикиринде, Мажарстандагы окуялар - революция эмес: "Менин пикиримде, Украинада болгон окуялар Мажарстандагыга окшош эмес. Мажарстан стабилдүү жана демократия тамыр берген мамлекет. Украинада болсо он жыл бою коррупция гүлдөгөн жана аны уятсыз бийлик башкарган. Мажарстан андай эмес", - дейт Барыш.
Анткен менен эски коммунисттердин мураскору болуп эсептелген азыркы премьер Ференц Дюрчанынын социалисттик партиясын калктын кеңири катмарлары жакшы көрбөйт жана 26-майда ал өз партиялаштарын сынга алып, биздин өкмөт дагы, бизге чейинки өкмөттөр дагы 16 жыл бою экономикалык ийгиликтер жөнүндө элге калп айтып келген деген сөздөрүндө чындык бар, деп жазат британиялк "Таймс".
Мажарстандын бюджет тартыштыгы азыр дүң өндүрүштүн 10 пайызынан ашат, ошондуктан өлкөдө евро акчасын киргизүү мөөнөтү улам кийинкиге калтырылууда, анткени мынчалык дефицит Европа Биримдигинин бир да башка өлкөсүндө жок.
Алманиянын "Вельт" гезити 21-сентябрда жазганга караганда, 1-сентябрдан тартып Мажарстанда кошумча нарк салыгы менен ишкерлердин кирешесине салынган салык - экөө тең беш пайызга көтөрүлгөн, билим алуу менен медициналык рецептерге салык киргизилген, бир топ башка социалдык жеңилдиктер жоюлган, ошондуктан эл арасында күчөп бараткан нааразылыкты толкундоолорго айлантуу үчүн шылтоо гана керек болчу.
Премьердин май айында айткан сөздөрү 17-сентябрда үналгы аркылуу берилгенден кийин оппозиция ошол эле күнү жана анын эртеси дагы каршылык митингдерди уюштурган, бирок алар тарап кеткенден кийин көчөнү экстремисттер ээлеген. Биринчи түнү көчөлөргө эки-үч миң адам чыккан болсо, экинчи түнү 10 миңге жакын киши чогулган, үчүнчү түнү болсо көчөлөргө 15 миң адам чыкты.
Полициянын айтымында, тополоң уюштургандардын арасында - мурда соттолгон кылмышкерлер көп, алардын ичинде футбол фанаттары да бар. Италия футболунда жакында чыккан скандалга окшош Мажарстанда дагы чатак чыгып, атактуу "Ференцварош" клубу экинчи лигага которулган, ошондуктан анын ыза болгон күйөрмандары дагы тополоңчуларга кошулуп, дүкөндөрдүн терезелерин сындырып, машинелерди өрттөп жатат.