Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

АЗЕРБАЙЖАН 'ГОЛЛАНДИЯ ООРУСУН' ЖУГУЗУП АЛЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Мындан 12 жыл мурда, 1994-жылдын 20-сентябрында Азербайжан өзүнүн мунайын эл аралык базарга чыгаруу боюнча биринчи контрактка кол койгон, үстүбүздөгү жылдын июлунда Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууру ишке киргизилди, Азербайжанда улам жаңы мунай корлору табылып жатат, жана расми Бакынын айтымында эми өлкө жыргалчылыкка жетет. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, тескерисинче, Азербайжан кризиске кабылышы мүмкүн.

1960-жылдарда Голландияга таандык деңиз мухитинде ири газ байлыктары табылган жана аларды өздөштүрүү абдан көп киреше алып келет деп күтүлгөндүктөн, өлкөнүн улуттук акчасы эбегейсиз күчөп кеткен, бирок өндүрүштүн башка тармактарындагы абал начарлап, экономиканын түзүлүшү бузулган. Ошол мезгилден бери экономисттер мындай абалды "Голландия оорусу" деп атайт жана андай оору менен кийин мунай менен байланыштуу Индонезия менен Норвегия, кофе менен байланыштуу болсо Колумбия дагы ооруган.

АПН агенттигинин билдиргенине караганда, 2006-жылдын биринчи жарымында Азербайжандын дүң өндүрүшү 36 пайызга өстү, июлда Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру иштей баштады жана президент Илхам Алиевдин айтымында, 20 жылдын ичинде андан 140 миллиард доллар түшөт. "Регнум" агенттигинин кабарларына караганда болсо, Азербайжанда азыр дагы жаңы мунай корлору табылып жатат. Ошондуктан өлкө жыргалчылык дооруна жакындап бараткандай.

Бирок айрым эксперттердин пикиринде, мындай абалда Азербайжанга "Голландия оорусу" жугушу толук ыктымал жана Бакы шаарындагы "Элдик финансыга көзөмөл салуу" деп аталган көз карандысыз борбордун эксперти Инглаб Ахмадовдун айтымында, анын белгилери да көрүнө баштады: "Биз азыр 'Голландия оорусу' менен ооруй турган абалдабыз. Биринчиден, улуттук акчанын наркы ылдам өзгөрүүдө. Экинчиден, инфляция эбегейсиз өсүп баратат. Андан тышкары, мунай менен байланышпаган тармактарда маселелер чыгып жатат. Ошондуктан 'Голландия илдетинин' бардык белгилери бар жана биз оорунун так башталышындабыз", - дейт Ахмадов.

Эл аралык валюта корунун эксперти Виталий Крамаренконун айтымында, мунай баары бир эбегейсиз байлык алып келет деп, азери бийлиги каражаттарды өтө көп корото баштады:"Маселе - өкмөттүк чыгашалар өтө жогору болуп жатканында. Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2005-жылдын биринчи жарымы менен салыштырганда 70 пайызга өстү. Аны менен экономика түзүлүшү бузулуп баратат, анткени керектөө менен сунуштоонун көлөмү бир-бирине төп келбейт. Инфляция өлчөмү 2005-жылдын декабрында беш жарым пайыз болсо, үстүбүздөгү жылдын августунда ал он пайыздан ашты жана мындан ары дагы көтөрүлөт деп күтсө болот", - дейт Крамаренко.

Бийликтин айтымында болсо, тынчсызданууга азырынча эч негиз жок, Азербайжандын экономикасы жалгыз эле мунайга көз каранды эмес жана инфляцияны ооздуктап, бардык башка талаптуу чараларды көрүүгө өкмөт аракеттенип жатат.

XS
SM
MD
LG