Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

22-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1937-жылдын бу күнү Кыргыз ССР (б) КП Борбордук комитетинин кезексиз бюросу өткөрүлдү. 2003-жылдын бу күнү россиялык авиабазаны «Кант» абамайданында жайгаштыруу маселеси чечилди.

1875-жылдын күзүндөгү орус жана кокондуктардын согуш аракети империянын артыкчылыгы менен аяктады. Кокон аскер башчысы Абдурахман Афтобачинин артка чегинишинен пайдаланып, генерал Кауфман кокон ханы Насреддинди Маргаланга сүйлөшүүгө чакырган. 1875-жылдын 22-сентябрында эки тараптуу келишимге кол коюлуп, Сырдарыянын оң жээги Россия империясынын карамагына өткөн. Наманган аймагынын башына полковник Скобелев дайындалып, Кокон ханы Россия империясына болгон вассалдыгын таанып, империянын уруксаты жок башка калктарга каршы согуш аракетин жасоо укугунан айрылган.

1916-жылдын 22-сентябрында Суусамыр болуштук башкармасынын чиновниги Меньшиковдун аялы киши колдуу өлтүрүлгөн. Орус бийлиги анын аткаруучусу катары Каракече болуштугунун тургуну Балбак Көлбаевди көрүшүп, ал бийлик жазасынан коркуп үй бүлөөсү менен Кытайга качып кеткен.

1937-жылдын бу күнү Кыргыз ССР (б) КП Борбордук комитетинин кезексиз бюросу өткөрүлдү. Бюронун күн тартибине «Правда» гезитинде жарыяланган В. Ходаковдун «Буржуазные националисты» макаласы негиз болуп, анда айыпталган айрым «жолдоштордун» кылмыштуу иши каралды. УГБ НКВД кызматчысынын көрсөтмөсүнө ылайык ошол кездеги республикалык жетекчилик улутчул, троцкисттик-бухаринчил элементтерди жана фашисттик агенттерди жактап жаткандыгы айтылган. Бюродо иши каралган адамдардын баардыгы эл душмандары аталып, сот жообуна тартылышкан.

2003-жылдын бу күнү россиялык авиабазаны «Кант» абамайданында жайгаштыруу маселеси чечилди. Президент Аскар Акаевдин Москвага жасаган визит маалында, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушуп аталган жана башка маанилүү келишимдерге кол коюлду.

2004-жылдын бу күнү оппозициялык бир канча саясий партиялардын демилгеси менен «Кыргызстандын элдик кыймылы» аттуу бирикме уюшулду. Аны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер Курманбек Бакиев жетектеп, кыймылга -«Жаңы кыргызстан», «КДК», «Эркиндик»,
«Республика», «Асаба», «Эрк», «Кайран эл» саясий партиялары, Бакытбек Бекбоев жана Клара Ажыбекова жетектеген эки коммунисттик партия кирди.

Бу күнү, 1780-жылы АКШда линчтөө туурасында маалымат тарап, 1951-жылы Швецияда коомдук жерде өбүшүүгө тыюу салынып, 1980-жылы Иран-Ирак согушу башталып, 1741-жылы орус табият таануучусу Петр Паллас, 1791-жылы Майкл Фарадей, 1835-жылы таанымал тилчи Александр Потебня, 1866-жылы француз микробиологу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Шарль Николь, 1893-жылы атактуу философ Алексей Лосев, 1901-жылы америкалык хирург, онколог, гормонотерапияны тапкан Нобель сыйлыгынын лауреаты Чарльз Хаггинс жарык дүйнөгө келген.


Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG