Брюсселде Янукович менен Жозе Мануэл Баррозу өз ара кызматташтыктын келечегине байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Еврокомиссияда азыр Евросоюз менен Украинанын ортосундагы кызматташтык тууралуу кеңири маанидеги келишим даярдалып жатат. Документке тараптар эмдиги жылы кол койгонго ниеттенишүүдө. Төрага Баррозу Евросоюздун позициясы өзгөрбөстөн калганын – Украина менен кызматташтыгын бекемдегиси келерин ырастады. Бирок ал Украинанын союзга мүчө болушу тууралуу эчтеме айткан жок. “Биздин максат – Украина менен Евросоюзду жакындаштыруу, Украинанын өнүгүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына дем бере турган саясий, экономикалык реформаларга колдоо көрсөтүү”, -деп айтты Баррозу.
Өз кезегинде Янукович өзү жетектеген өкмөт европалык интеграцияны изден тайбастан жактай турганын жана бул жагынан анын таасын-так стратегиясы бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Украина бүткүлдүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынар замат Европа союзу менен эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзүү үчүн иштиктүү кадамдарды жасай баштайт.
Украинанын НАТОго мүчө болуу планы тууралуу маселеге токтолуп, Янукович өткөн аптада айткан пикирин бышыктады. Азырынча бул идея, Януковичтин айтымында, өлкөдө калк арасында кеңири колдоо таба элек. Маселе эми референдумга коюлат.
Премьердин бул билдирүүсүн президент Виктор Ющенко жаңылыш деп атап, аны түзөтүү керектигин айткан эле. Бирок Янукович бу жолу президенттин кебине каяша кылгандай болду. “Брюсселге өткөндө келгенде айткан пикирим парламенттик коалициянын кеңеши менен макулдашылып, коалиция ырастаган позиция, - деп айтты Янукович. - Өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын принциптерин болсо бүгүн парламент аныктайт”.