Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

«НАПОЛЕОН АЙТКАНДАЙ, ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ АКСЫГА БАРЫШТЫ, КӨРҮШТҮ, СҮЙЛӨШТҮ»


Аксыда өткөн элдик курултай, мамлекеттик тил күнү, коррупцияга кантип күрөшүү керек? Мына ушул жана башка экономикалык-саясий темалар апта соңундагы кыргыз гезиттеринде кеңири чагылдырылды.

«Бишкек таймс» гезитинде Жолдошбек Зарлыкбековдун «Боспиекте эмнең бар?» деген макаласын жарыялады. «Оппозиция ичи да өзара талаш-тартышта. Лидерлик талашуу тымызын күчөдү. Өңгөчө А.Бекназаров «дамдап» жаткан Конституция долбоорунун кам экенине нааразылык күч. Бардым, көрдүм, жеңилдим деп Наполеон айткандай, оппозиция өкүлдөрү Аксыга барышты, көрүштү, сүйлөштү. 700дөй адам чогулду»,- деп жазат макала автору.

Ушул эле автордун «Кана, ким кыйын? И.Исаковбу же К.Исабековбу?» деген макаласында Кыргызстандын коргоо министрлиги менен Жогорку Кеңештин ортосундагы талаш мыйзам чыгаруу бийлигинин пайдасына чечилгени баяндалган.

Кыргыз оппозиция лидерлеринин сары изине чөп салган Интерполдун Казакстандагы кеңсесин текшертүүгө президент Н.Назарбаев буйрук бергенин жума күнкү «Агым» гезити жазып чыкты. Антишке, гезиттин ырасташынча, бейөкмөт уюмдардын ачык каты, депутат Дооронбек Садырбаевдин «ачуу саламы Нуракебизге катуу таасир эткен өңдөнөт». Бейөкмөт уюмдардын Казакстан президентине жолдогон ачык каты гезиттин ушул санында жаряланган.

Аксыдагы курултай тууралуу «МСН» гезити Замир Өсөровдун макаласын жарыялады. Жыйынга элдин аз катышы аксылыктардын саясаттан тажагандыгы, күзгү жыйым-теримдин күчөшүнө байланыштуу болду окшойт. А.Акаевдин соңку референдумуна «жок» деп кескин жооп берген Аксы районунун эли азыркы бийликтин кемчилик-мүчүлүштүктөрүнө сынчыл карап, баарына сабырдуулук менен мамиле кылууда, деп жазат макала автору.

Аксы курултайында коюлган талаптар, алардын аткарылышы жайында «Кыргыз руху» гезитинде Гүлбарчын Якубова ой жүгүрткөн. Аксы окуясына катышы бар күнөөлү адамдар бир айдын ичинде кылмыш жообуна тартылышы «3 – 4 жыл айланса да чечилбей келаткан маселе бир айда чечилиши күмөн».

Конституциялык реформа боюнча коюлган талаптар туура, алар аткарылмайын мамлекеттин аксаганы аксаган, баары Башмыйзамга байланып туру. Президенттин иниси Жаныш Бакиев менен Надыр Мамыровго каршы кылмыш ишин козгоо, К.Бакиевдин жакын адамдарынын жооптуу кызматтардан бошотор-бошотпосу мамлекет башчысынын аракетине байланыштуу аны убакыт көрсөтөт, деп белгилейт макала автору. КТРдин коомдук телекөрсөтүүгө азыркы бийлик кызыкдар эмес, бул аракет ишке ашпайт, дейт Г.Якубова.

«Агым» гезитинин жаңы санында мамлекеттик тил күнүнө карата материалдар топтому жарыяланган. Басылмада орусчадан туура эмес кыргызчаланган жарнак-көрнөктөрдүн сүрөтү да жайгаштырылган. Эмнеликтен кыргыз тилиндеги бала бакчадан уулун орус тилиндеги «садикке» которушунун жөн-жайына Азамат Кыязов токтолгон. Автордун ырасташынча, кыргыз тилинин баркы түшүп, кемсинип калышына кыргыздардын өздөрү күнөөлүү. «Тилди ким сактайт?» деп суроо коет макала автору.

Экономика, өндүрүштү көтөрүү тууралуу көп айтылганы менен бул тармакта деле проблемалар толтура экени «Кыргыз туусу» гезитиндеги Токтомуш Өскөновдун макаласында баяндалган. Баасы кымбаттыгынан Карабалта килем комбинаты жарым-жартылай иштеп, ушул эле шаардагы тоокен комбинаты сатылбай турат. Өкмөт койгон талапка макул болчу инвестор чыга элек. Ишкана дагы бир жолу сатыкка коюлат. Бул ирет да кардар чыкпаса, аны арзандатып саткандан башка айла жок.

Коррупция менен күрөшүү ар бир атуулдун милдети экенин апта соңундагы «Эркинтоо» гезити да ырастады. Коррупцияга каршы күрөш кийинки кездери солгундап, мамлекетке келтирилген зыяндардын орду толтурулбай, козголгон кылмыш иштеринин көбү аягына чыкпай калууда, деп белгилейт журналист Ж.Дыйканова. Ушул эле темага жума күнкү «Жаңы кылым» да токтолду.
XS
SM
MD
LG