Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


22-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш парламенттин депутаттары Өмүрбек Текебаевдин айланасында 5-сентябрда болгон чырга байланыштуу токтом долбооруна добуш беришти. Добуш берүү жашыруун өтүп, анда президент менен премьер-министрдин тандемин Конституцияга каршы деп таануу, президенттен Конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү, Улуттук телерадиокорпорациясынын президентин кызматтан алуу өңдүү сунуштар депутаттардын макулдугуна ээ болду. Ал эми күч органдарынын жетекчилерин отставкага кетирүү, элчиликтерде иштеген президенттин туугандарын чакырып алуу сунуштары колдоо тапкан жок.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин 5-сентябрда Варшавада маңзат менен кармалуусуна байланыштуу өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий жагдай боюнча атайы токтомдун алгачкы долбоору парламентте 13-сентябрь күнү даярдалган эле. Он күндөн бери токтом долбооруна түрдүү тактоо, толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилди. Бүгүнкү добуш берүү жашыруун жүргүзүлдү. Депутаттардын ичинен жети кишиден турган атайын комиссия түзүлүп, токтом долбоорундагы ар бир пункт боюнча бюллетень даярдалып, өзүнчө добуш берилди.

Жыйынтыгында токтом долбоорундагы 12 пункттун экөө гана депутаттардын макулдугуна ээ болбой калды. Калган он пункт толугу менен өттү. Алсак: президент менен премьер-министрдин тандемин Конституцияга каршы келет деп таануу, мамлекет жана өкмөт башчыларын Башмыйзам алкагынан чыкпай иштөөсүн сунуштоо, элдин ишениминдеги өкмөт түзүү тууралуу президентке сунуш, конституциялык реформаны тез арада өткөрүү, УКК өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү, “Манас” аэропортунун президентин жана вице-президентин кызматтан алуу, Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчисин отставкага кетирүү талабы, УККнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону Баш прокуратурага сунуштоого депутаттар көпчүлүк добуш беришти.

Ошондой эле депутат Өмүрбек Текебаевдин айланасындагы маңзатка байланыштуу иш, орус олигархы Березовскийдин Кыргызстанга келип кеткендигин жана президенттин уулу Максим Бакиевдин мыйзамсыз ээлеп алган мүлктөрүн аныктоо, депутаттардын, айрым бир партия лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн мыйзамсыз тыңшоо иштерин изилдөө боюнча атайын депутаттык комиссияга укук берүү талаптары жазылган пункттар да парламенттин макулдугун алды.

Бул тууралуу жашыруун добуш берүү комиссиясынын жетекчиси Жусуп Иманалиев жарыялады.

Бирок айрым депутаттар токтомдо кээ бир пункттар ашыкча эле киргизилип калгандыгын айтышууда. Алсак, депутат Сооронбай Жээнбеков Улуттук телерадиокорпорациясынын президентин кызматтан алуу талабы жөнсүз деген пикирде:

-КТРдин жетекчисин отставкага кет деген туура эмес. Анткени Кыяз Молдокасымов болобу же башка кимиң барсаң дагы, баары бир телерадиокорпорациянын иши мамлекеттик катчыдан, бийликтен көз каранды. Себеби аны бийлик дайындаган. Ошондуктан, системаны өзгөртүү керек.


Депутаттар өздөрү белгилегендей, бул токтом парламенттин пикирин гана билдирип, сунуш кылуучу мүнөзгө ээ. Муну депутат Өмүрбек Текебаев да кубаттап, бирок токтомдун саясий күчү бар экендигин белгилеп кетти:

-Юридикалык жыйынтыгы жок болсо да, саясий жыйынтыгы, күчү бар чечим. Бул коомдук пикир. Эгер президент коомдун пикирин сыйласа, коомдо бийликтин аброю болсун десе, ишенимди өзүнө алгысы келсе, анда ал парламенттин пикирин эске алууга тийиш.


Депутат Мелис Эшимканов токтомду ишке ашыруу мамлекет жана өкмөт башчыларынын абийиринде жатат деп эсептейт:

-Алар парламенттин чечими менен эсептешеби же өткөн жылкыдай өздөрүнүн каалаганын жасашабы, муну убакыт көрсөтөт. Бирок УКК өкмөттүн карамагына киргизүү, тандем жөнүндө, Конституциялык реформаны тездетүү тууралуу биз аябай эле күчтүү чечим кабыл алдык деп ойлойм. Менимче жарым-жартылай болсо да жакшы жеңиш болду,-дейт Мелис Эшимканов.

Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Алымбай Султановго кайрылганыбызда, ал Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтом тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тартты.


Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG