Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

КЫТАЙДАГЫ ОЛИМПИАДА АЛДЫНДА ӨЛКӨДӨГҮ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Эки жылдан кийин Кытайдын борбору Бээжин шаарында кезектеги Олимпиада өткөрүлөт. Андай чоң спорттук оюндардын укугу үчүн мындан беш жыл мурда күрөш жүрүп жатканда, эл аралык коомчулукка Кытай көптөгөн убада берип, анын ичинде - өлкөдөгү адам укуктарынын абалын жакшыртууга милдеттенме алган. Бирок укук коргоочулардын айтымында, бул тармактагы абал жакшырмак турсун, жыл өткөн сайын катаалданып баратат.

Кезектеги Олимпия оюндарын Бээжин шаарында өткөрүү тууралуу чечим 2001-жылы кабыл алынган жана Кытай жетекчилери анда - Олимпиада менен байланыштуу көптөгөн чет өлкөлүк адистердин, журналисттердин жана Эл аралык олимпия комитетинин жетекчилеринин өлкөгө келгенинин өзү эле Кытайдагы адам укуктарынын мындан ары жакшырышына өбөлгө түзөт деп билдирген.

Анткен менен Лондон шаарында жайгашкан "Эмнисти интернэшнл" уюму 21-сентябрда атайын доклад жарыялап, Кытайдагы абалды катуу сынга алды жана Бээжиндин аракеттерине көз салбайт деп ал докладда Эл аралык олимпия комитетине да сөз тийди.

Уюмдун Кытай боюнча эксперти Коринна-Барбара Фрэнсис "Азаттыктын" кабарчысы Бреффни О'Руркка билдиргенге караганда, абал оңолот деп күткөн эл аралык коомчулук азыр Кытайдагы жагдай тууралуу өтө тынчсызданууда: "Өткөн жылды эле алганда, бир нече тармактагы абал начарлады. Журналисттерге карата мамиле катууланды, укукчулар менен укук коргоочулар да такай өкмөттүн катуу кысымы алдында иштейт. Көптөгөн адам акыркы мезгилде кармалып, соттолуп, эркинен ажыратылууга кесилди. Интернетке көзөмөл салына баштады, акыркы эки аптанын ичинде чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын кабарларын көзөмөлгө алуу аракеттери болду жана бул - бардык эле мисалдар эмес", - дейт Фрэнсис.

Жакында америкалык "Нью-Йорк таймс" гезитинин Кытайда иштеген кабарчысы соттолуп, эркинен ажыратылды. Өткөн аптада болсо Бээжин эл аралык маалымат каражаттарына кайрылып, Кытай жөнүндө маалымат бергенде алар өкмөттүк "Синхуа" агенттигинин кабарларына таяныш керек деп билдирди.

Атактуу "Ассошиэйтед пресс" жана "Ройтерс" агенттиктери аны менен байланыштуу - мындай абалда биз Кытайда толук ченемде иштебей да коюшубуз мүмкүн деп жооп берүүгө аргасыз болду.

Фрэнсистин айтымында, түзүлгөн абал үчүн Эл аралык олимпия комитети да күнөөлүү: "Кытайдагы абалга көз салуу үчүн ошолор милдеттүү жана, менин оюмча, Кытай жетекчилиги менен байланышып, мурда берилген убадалар кайсы тармактарда аткарылбай жатканы тууралуу алар пикир айтыш керек", - дейт Фрэнсис.

Анткен менен Эл аралык олимпия комитетинин Женева шаарындагы баш кеңсесинин басма сөз катчысы Гизела Дэвистин айтымында, саясий маселелер боюнча кайсы бир мамлекеттердин жетекчилерине басым жасоо - Комитеттин милдеттерине кирбейт. Биз андай пикир айтсак дагы ал эске алынаарынан күмөн санаса болот, дейт Дэвис. Андан тышкары, Олимпиада башталаарына дагы эки жыл бар жана убадалар аткарылбай калды деп айтуу азырынча эрте.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цин Ган эл аралык уюмдун сынына ошол эле 21-сентябрда жооп берип, Бээжин өз милдеттенмелерин толук аткарып жатат, бул уюм жөн гана Кытай менен байланышкан кайсы болбосун маселени кара боек менен боеп карайт деп билдирди.


Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG