Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:34

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ: КАБЫЛ АЛЫНГАН ТОКТОМДУН ТӨРКҮНҮ ЭМНЕ БОЛДУ?


22-сентябрда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Депутат Өмүрбек Текебаевдин Варшавада баңгизат менен кармалышына байланыштуу чырдан чыккан токтомду кабыл алууга депутаттар эки жумадан бери аракет жасап, кечээ ишке ашырды.

Депутат Өмүрбек Текебаев 5-сентябрда Варшава аэропортунда 600 граммга жакын баңгизат менен кармалган. Ал Польшага эл аралык экономикалык конференцияга катышуу үчүн барган эле. Окуяны тезинен териштирген Польшанын соту Өмүрбек Текебаевди күнөөсүз деп таап, ага баңгизатын атайын кызматтар салып койгон деген чечимге келип, депутатты бошоткон.

Өмүрбек Текебаев Польшада кармалганы 7-сентябрдын кечинде Кыргызстанга маалым болуп, депутаттар 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында окуяны иликтөө үчүн төраганын орун басары Тайырбек Сарпашев башында турган комиссияны түзүшкөн. Комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгында Текебаевге каршы чагымды Улуттук коопсуздук кызматы уюштурган деген бүтүмүн 21-сентябрда жарыялап, эртеси күнү 12 пункттан турган токтом долбоорун кабыл алды.

Чатактын башында токтом долбоорунда катаал шарттарды камтыган пунктар жазылган болсо, президенттин Жогорку Кеңеште 14-сентябрда сөз сүйлөөсүнөн кийин долбоор бир кыйла жумшартылган. Президент анда эгерде иним Жаныш күнөөлүү болсо жоопко тартылат деген оюн айткан эле:

-Бул окуя боюнча парламент түзгөн, мен түзгөн комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Баарын иликтеп такташсын. Тергөө иштери да иликтенип, аныкталып, өз жыйынтыгын берсин. Андан кийин тийиштүү жыйынтыкты мен дагы чыгарам. Кыргыз элинин, парламенттин алдында ачык айтып коеюн, мен эч качан өзүмдүн кызыкчылыгымды, үйбүлөмдүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон эмесмин жана койбоймун. Демек мен үчүн мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы эң бийик. Ошондуктан комиссиянын ишинин жыйынтыгында бул ишке кимдин гана тиешеси болбосун, ал менин тууганым болсо да мыйзам чегинде жазасын толук алат.

22-сентябрда кабыл алынган 12 пункттан турган токтомдо болсо президентке сунуштар берилген. Маселен, депутаттар анда Бакиев-Кулов тандемин конституцияга каршы деп таап, экөөнө конституцияга ылайык иштөөнү сунуштаган. Андан сырткары президентке коалициялык өкмөт түзүү, конституциялык реформаны тезинен жасоо, Улуттук коопсуздук кызматын өкмөттүн курамына өткөрүү сунушталып, «Манас» аэропортунун жетекчилигин, КТРдин президентин кызматтан алуу талабы коюлган.

Депутаттар токтомдо ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоону башкы прокуратурга сунуштоодо. Бирок окуяга кыйыр түрдө тиешеси, же жоопкерчилиги бар күч структураларынын жетекчилерине ишеним көрсөтпөө боюнча пункттар жетиштүү добуш алалган жок. Ошондуктан токтомдун юридикалык, саясий эмес, моралдык тарабы күчтүрөөк, дешүүдө депутаттар.

Токтом тууралуу депутат Мелис Эшимканов мындай пикирин билдирди:

- Бүгүнкү токтом жаман болгон жок. Бул бир эле Текебаевге байланыштуу чатактын жыйынтыгы эмес. Бул бир жарым жылдан бери Кыргызстанда чогулган коомдук-саясий, ыймандык проблемалардын жарылып чыгышы болду. Саясий жактан- тандем, конституциялык реформа, депутаттык комиссия, кылмыш ишин козгоо коалициялык өкмөт түзүү-бул элдеги, коомдогу, оппозицияда айтылып, жазылып, бүгүнкү шарт талап кылган, бүгүнкү кризистен чыгуунун жолдору. Аны биз президентке сунуш кылдык. Аны ал киши аткарбай койсо дагы биз кусамат, доомат кыла албайбыз. Анткени мунун баары бүгүнкү реалдуу шартта президентке тиешелүү ыйгарым-укуктар. Болгону моралдык таасирлери бар. Болгону биз былтыртан бери бул кишиге улам шарт түзүп, жол ачып берип келатабыз.

Ал эми анын кесиптеши Исхак Масалиев токтомдун юридикалык күчү жок деп белгилеп, ага салабаттуулук жетишпейт деген пикирде:

- Бул токтом логика боюнча комиссиянын корутундусуна туура келбейт. Мисалы, биринчи пунктту алсак тандем конституцияга туура келбейт деп жазылган. А эмне тандем конституцияга туура келет деп бирөө чечим чыгарган беле? Ал эки кишинин ортосундагы келишим да. Ал эми калган пункттар боюнча айтаарым, депутаттардын күчү ушу аэропорттун жетекчисине жетти. Бул баягы «айдаганың эки эчки ышкырыгың таш жарат» деген макалдай болду. Албетте, бул биздин Кыргызстандын имиджине терс таасирин тийгизет. Бирок, туура эмес чечим болуп калды. Эки жума олуттуу маселелер талкууланып, ушундай майда чечим чыгарылып калды.

Белгилүү саясатчы Муратбек Иманалиев парламент кабыл алган токтомго мындай баа берди:

-Бул токтомдун эки-үч пункттун туура деп бааласа болот. Ал эми КТР боюнча пункттун маанисин түшүнбөймүн. Бул жерде эки-үч кишинин жеке мамилесиби, башкабы? Эмне болуп жатышат, билбеймин. Анткени КТРдин жетекчисинин «!матрешкага» тиешеси жок да. Ал эми Жогорку Кеңештин токтомдору нормативдик эмес, саясий документ. Ошондуктан токтомдун үч жыйынтыгы бар. Биринчиден, ал оппозициянын мурункудай эле күчтө турганын билдирүүдө. Экинчиден, токтом парламенттин да эки-үч топко бөлүнүп жатканын көрсөттү. Үчүнчүдөн, эл, коомчулук токтомду баалаганда, менин оюмча, президентке да, парламентке да оң баа бербейт.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG