Аликбек Жекшенкулов сөзүнүн башында Кыргызстандын ички абалына токтолуп,улуттук экономиканы көтөрүү, калкты социалдык жактан коргоо жана адам укуктарын камсыздоо багытында жасалып жаткан иштер тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясына маалымат берди.
Ал Кыргызстанда капиталдын эркин кирип-чыгуусуна шарт түзүлгөнүн жана өз өлкөсүнүн Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүгүн белгиледи. Кыргызстандагы конституциялык реформа жана демократия темасын Жекшенкулов мындайча чагылдырды:
- Коомду андан ары демократиялаштыруу, адам укуктарын коргоо- ички саясатта артыкчылык берилген багыт. Мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлгөн тартип коргоо органдарын, сот системасын реформалоо да ушуга багытталган. Ошондой эле бийлик системасын балансташтырууну өркүндөтүүгө арналган конституциялык реформа да ушул максатты көздөйт. Бул жараяндарга саясий партиялар, атуулдук коом активдүү аралашып, мамлекеттик маселени чечүүдө калктын кеңири катмарынын катышуусун камсыз кылууда.
Кыргызстан тышкы иштер министри Бириккен Улуттар Уюму жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө да салым кошуусу керек деген демилгени көтөрүп, суу башы болгон тоолуу өлкөлөрдүн маселелерин козгоду. Бул багытта келерки жылы Экинчи тоо саммитин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.
Жекшенкулов ошондой эле дүйнө коомчулугун Орто Азия мамлекеттеринин 8-сентябрда Казакстанда кол коюлган "Орто Азия- ядролук куралдан эркин аймак" келишимин колдоого чакырып, Арал маселесин чечүүгө көмөк сурады.
Эл аралык терроризм, мыйзамсыз курал, баңгизат сатуу жана экологиялык, эпидемиялык коркунучтарга каршы турууда Кыргызстан Шанхай Кызматташуу уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму менен тыкыс кызматташып жатканын белгилеген Аликбек Жекшенкулов ШКУнун азыркы төрагасы катары аны бекемдөөгө аракет жасаарын билдирди:
- Шанхай кызматташуу уюмун региондогу коопсуздук жана туруктуулуктун кепили катары карап, уюмдун азыркы төрагасы катары Кыргызстан аны бекемдөөгө бардык аракеттерди жасайт.
Кыргызстан тышкы иштер министри сөзүнүн аягында Бишкек Бириккен Улуттар уюмун жана анын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн санын кеңейтүү менен реформалоону жактаарын билдирип, Улуттар Уюму экономика жана социалдык маселелерди чечүүгө көбүрөөк көңүл бурса максатка ылайыктуу болоорун белгиледи.
«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президент Эдил Байсалов Кыргызстан тышкы саясатта бир жактуулуукка жол бербей, ал эми демократия багытында реалдуу иштерди жасаса максатка ылайыктуу болорун белгиледи:
- Укукка негизделген ачык коомду түзүүнү Аликбек Жекшенкулов да, президент Курманбек Бакиев да белгилеп келет. Ошондуктан ал аркы батышта айтылуучу гана сөз болбостон, аны турмушка ашырууга реалдуу аракет багытталса деген үмүтүбүз бар.
Айданбек Акматов