Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

ПРЕЗИДЕНТ МУШАРРАФ: "АМЕРИКАНЫН ПАКИСТАНДЫ ОПУЗАЛАГАНЫ ЖӨНҮНДӨ АЗЫРЫНЧА АЙТПАЙМ"


АКШ президенти Буш Вашингтондун Пакистанды бомбалайбыз деп коркутканы жөнүндө мурда эч нерсе укпаганын айтты. Ал эми Пакистандын мамлекет башчысы Мушарраф өзү жазган китеби чыкканча бул жагдайга түшүндүрмө бербей турууну эп көрүүдө.

Америка президенти Буш Пакистандын мамлекет башчысы Первез Мушарраф менен болгон жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда буларды билдирди:

-11-сентябрдан көп узабай мамкатчы Коллин Пауэл келип: ”Президент Мушарраф кырдаалды түшүнөт, ал 3 миң жараныбыздын өмүрүн кыйган душманды түп тамырынан жок кылууга жардамдашууга даяр”, - деди.

Эсиңиздерге сала кетели жолугушуунун алдында Мушарраф америкалык СиБиЭс телеканалына интервью берип, АКШ террористтерге каршы урушта бизди колдобосоңор, Пакистанды бомбалайбыз деп коркутканын билдирген.

Анын ырастоосунда, мындай опузаны АКШнын мамлекеттик катчысынын ошол кездеги орун басары Ричард Эрмитаж Пакистандын чалгындоо мекемесинин жетекчисине айткан. “Таш дооруна кайтууга даярдангыла”, - деген имиш Эрмитаж.

Акүй жана Мамлекеттик департамент Эрмитаж менен пакистандык расмий адамдын эмне деп сүйлөшкөнүн комментариялабай турганын билдирди. Эрмитаж болсо Пакистанды бомбалоо жөнүндө сөз кылбаганын ырастоодо.

Буш менен кездешүүдө Мушарраф бул маселени талкуулоодон баш тартты.

- 25-сентябрда менин китебим жарык көрмөкчү. “Симон жана Шустер” деген басмакана менен китебим чыкмайынча анда айтылгандарды комментариялабайм деп сүйлөшкөнбүз,-дейт Мушарраф.

Акүйдөгү пресс-конференцияда Мушарраф анын өкмөтү менен Ооганстан-Пакистан чегарасындагы уруулар ортосунда түзүлгөн келишим талибдер менен «Аль-каида» үчүн ыңгайлуу шарт түзөт деген айыптоолорду жокко чыгарды. Кошуна Ооганстандын өкмөтү жана айрым маалымат каражаттары макулдашууну ушундай өңүттө сыпаттагысы келет, - деди Пакистан лидери.

Президенттер алардын өкмөттөрү талибдер менен аль-каидачыларга каршы күрөштө, алардын анабашы Усама бен Ладенди издеп табуу иштеринде толугу менен кызматташып жатышканын деп белгилешти.

Шаршембиде Акүйдө Буш, Мушарраф жана Ооган президенти Карзай жолугушушат деп күтүлүүдө.


Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG