Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ФРАНЦИЯ, ОРУСИЯ ЖАНА ГЕРМАНИЯ ЛИДЕРЛЕРИ ҮЧ КҮНДҮК САММИТ ӨТКӨРДҮ


Париждин четиндеги Компьене сепилинде Германия, Орусия жана Франция лидерлеринин жолугушуусу аяктады. Ангела Меркель, Владимир Путин жана Жак Ширак дүйнөлүк маанилүү маселелерди, анын катарында, ирандын ядролук программасын, ошондой эле Орусия менен Евробиримдигинин экономикалык кызматташуусунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуудан кийин Путин журналисттер алдында орусиялык өкүмөт үчүн Германия жана Франция менен - айрыкча энергетика тармагында кызматташуу биринчи кезектеги маселе болот деди.

Бирок маалымдоо жыйынында ал кепке Меркел да, Ширак да кайрылышкан жок. Иран чатагы боюнча Франциянын президенти бул маселени чечүүдө сүйлөшүүлөрдү улантуу абдан туура жол деп эсептей тургандыгын билдирди.

Франциялык-орусиялык президенттер жана Германиянын канцлери өткөрүшкөн жолугушуу тууралуу анализчилер европалык концерндерге орусиялык энергия кубатын сатуу жолун кеңейтүү болду дешет. Анын бир мисалы катары Владимир Путин менен Жак Ширактын алтынчы күнү транспорт чөйрөсүндө алака түзүшү болду. Ага 10 миллиард доллардан ашуун каражат жумшоо болжолдонуп жатат. Анча чыгымды европалык ЕАДС концерни тартууга даяр.

Бирок, ЕАДСтен башка бир да европалык концерн Орусияга инвестиция кошууну каалабагандыгын белгилешет. Ага жакында орусиялык бийликтин Сахалин аралындагы өндүрүшү башталып калган Shell компаниясын кет деп атышы мисал болгон. Анын 1993-жылы жетишилген келишимине карабай кууй башташы себепкер экендиги айтылууда. Башка инвесторлор да анын кейпин кийип калышы ыктымал, дешет анализчилер.

Ирандын ядролук программасын тыйдырууда Орусия менен Кытай «мейличи» көз карашта, ал эми «европалык үчөө» аталган: Франция, Германия жана Улуу Британия катуу туруп келишет. Жакындан бери үчөөнүн катарынан Париж бөлүнүп башкача сунушка өтүп кеткен. Саммиттен соң Франциянын президенти ошол оюн кайталады:

- Мен айтайын дегеним - сүйлөшүү жолу менен керектүү чечим табылганга дейре колдон келгендин барын жасоо керек. Иран менен өтчү Хавиер Солана жана Али Ларижани менен өтчү сүйлөшүүлөр жыйынтыгы майнаптуу болоруна ишенимим бар, - деди Жак Ширак мырза.

Жолугушуу этегинде үч лидер айрыкча эл аралык маселелерде жакындашуу болгонун белгилешкен. Орусиянын жетекчиси журналисттер алдында:

- Бул жерде мен негизги, тышкы саясаттагы маселелер боюнча биздин көз караштар окшош болгондугун белгилегим келет, - деди Путин.

Германиянын канцлери Ангела Меркель болсо Орусиянын Евробиримдигине кошуп аткан салым терең экендигин белгилеген.

Президент Путин бир нече жолу энергия кубатын батышка коюуда Орусия кебинде турган ишенимдүү өнөк болот деп бир нече жолу кайталаган. Ошого карабай, былтыр «Газпромдун» январдын суугунда Украинага газ бербей коюп, анын айынан Батыш Европалык кайсы бир өлкөнүн жабыр тартканын эстеп, Евробиримдиги чочулоодо дешет.



Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG