Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

ПАРЛАМЕНТ СУНУШ КЫЛДЫ, ӨКМӨТ АРАСАТ, ПРЕЗИДЕНТ ОЙЛОНУУДА


«Матрешка» чатагынан тутанган талаштын бир учу өкмөткө барып тиет окшоп калды. Өткөн апта соңунда парламент 12 пункттан турган токтом кабыл алып, анда эл ишенимине арзыган аткаруу бийлигин – коалициялык өкмөт түзүү сунушун билдирди.

Парламенттин кыйла күндүк талашынын жыйынтыгы катары 12 пункттан турган токтом долбоорунун көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо тапканы болду. Коалициялык өкмөт түзүү сунушун 48 депутат колдогон. Кичинекей «матрешкадан» чыккан чоң чатактын кызуусунда президент менен өкмөт башчыны кызматтан кетирүү талабы бар болчу. Кийин ал тандемдин Башмыйзамга кайчы келерин ырастаган пункт, ошондой эле коалициялык өкмөт түзүү сунушу менен чектелди.

Алдагыдай саясий чечим кабыл алуунун чоо-жайын депутат Темир Сариев айрым министрлердин ишти жакшылап жөндөп кете албагандыгына байланыштырат.

- Өкмөт бүгүнкү күндө начар иштеп жатса, өзүнүн толук ыйгарым укуктарын Конституциянын чегинде аткара албай жатса, депутаттар да чоң нааразылыгын билдирип атышат.

Т.Сариевдин ырасташынча, эл ишениминдеги жаңы өкмөт деле Феликс Куловдун жетекчилигинде болуш керек. Ушу тапта депутаттардын купулуна толбогон айрым министрлер кызматынан кетирилип, ордуна парламент жактырган өкмөт мүчөсү шайланса ушу тапта жайлап калган экономикалык реформалар алдыга жылат эле, деген пикирде.

- Өкмөт түзүү деген бардыгын кетирүү эмес. Мүмкүн ошол эле Феликс Куловго тапшырма берип: «Мына, бир жарым жылдан ашып кетти. Сен иштей турган адамдарды калтырып, иштебей турган адамдарды алмаштырып, жаңы, эл ишенген өкмөт түзөлү да, чечкиндүү кадамдарга баралы», деш керек.

Бирок да коалициялык өкмөт кысталыш кырдаалда, саясий күчтөрдүн бир да бирөө парламентте жетиштүү орун алалбай, аргасыздан башка атаандаштары менен мунасага келүүнүн жыйынтыгы катары чыгат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстанда андай шарт да, ошондой эле жаңы демилгеге жол аччу мыйзамдык негиз жок дейт.

- Бизде эгер коалициялык өкмөт түзүлө турган болсо, анын механизми кандай? Бул ачык айтылбай жатат. Бул жерде дагы бир сөз келип чыгат Ушул өкмөттүн курамын, министрлерди парламент өзү бекитип бербеди беле. Кайта деле президент сунуш кылат. Кайта эле мурдагы конституциялык механизм бар да. Ушул жери ачык айтылбай калып жатат. Бул жерде кайсы бир саясий оюндар болуп кетип жатат.

Депутат Дооронбек Садырбаевдин айтуусунда, эл ишенимине татыктуу жаңы өкмөт түзүү сунушу азыркы аткаруу бийлигинин ишин жакшыртуу, жоопкерчилигин көтөрүү аракетинен улам чыгып отурат.

- Бул азыркы иштеп аткан өкөмткө моралдык милдет тагып койдук.

Коалициялык өкмөт же Кыргызстан парламенти жактырган эл ишенимине арзыган аткаруу бийлигин түзүү демилгеси президентке жолдонуп анын ишке ашар-ашпасы белгисиз бойдон турат. Саясат таануучу Алымбек Биялиновдун пикиринде, коалициялык өкмөт сунушу маалынан эрте козголуп калды. К.Бакиев – Ф.Кулов тандеминин жыйынтыгы беш жылдан соң чыгарылат, ага чейин күтүш керек эле дейт ал.

- Азыр эми чынын айтсам, негиз жок. Коалициялык деген кооз сөз экен деп ошону айтып жатышат. Чындыгында маселенин баары бул жерде башкада. Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү иштей албай жатат. Тарта албай жатат.

Күттүргөн күз келгени минтип саясий оюндардын күнү тууп, конституциялык реформа, аткаруу бийлигин жаңылоо демилгеси тез-тез көтөрүлө баштады. Элдик нааразылыктын толкунунда мамлекет башкаруунун жоопкерчилигин алган революционерлерге батыл сунуштар дагыле парламент тарабынан келүүдө.

Фотосүрөт Игорь Коваленконуку

XS
SM
MD
LG