Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

РИМ ПАПАСЫ МУСУЛМАН ЭЛЧИЛЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ


Рим папасы Бенедикт XVI өзүнүн жайкы резиденциясында бир нече мусулман өлкөлөрүнүн,алардын ичинде Ирандын, Түркиянын жана Марокконун элчилерин кабыл алды. Жолугушууга Римдеги мусулман жамагатынын лидерлери да чакырылды.

Жолугушууда Рим папасы ислам динине толук жана терең урматтоосун билдирди. Христиандар менен мусулмандар ортосунда өз ара ыйбалуу ымала керектигин белгилеп, Бенедикт XVI муну турмуштун зарылдыгы деп атады. Адамзаттын келечегин Рим папасы көп жагынан ушундай мамилеге жараша болот деп эсептейт. Ошол эле учурда ал ыйбалуу мамиле эки тараптан тең болууга тийиш экенин да эске салды. Бир катар мусулман өлкөлөрүндө,мисалы,Сауд Арапстанда башка диндеги ыкыласмандар таат-ибаадат иштерин ээн-эркин өткөрө алышпайт. Рим папасы өйдөкү экмет сөзү менен дал ушундай жагдайга ишаара кылды.

“Өткөндүн сабактары бизге мунаса тапканга жардамдашууга тийиш”, - деп айтты Рим папасы. Рим католик чиркөөсү ислам дүйнөсү менен алакасын жакшыртканга изден тайбай умтула тургандыгына ишендирип, Бенедикт XVI жалпы эле дүйнөдөгү ар түрдүү диндердин өкүлдөрүн бир-бирине байистүү болгонго, зобун-зомбулуктан караманча баш тартканга чакырды.

Ушул айдын башталышында Германиядагы визити маалында Рим папасы орто кылымдардагы христиан императорунун исламды зобун-зомбулукту жайылткан дин катары мүнөздөгөн сөзүн оозанып коюп, мусулмандардын жаалына тийген эле. Понтифик муну менен мусулмандарды мазактайын деген дегеле ниети жоктугун, үзүндү кептин үйүтүн натуура түшүнүп алышканын айтып, үч ирет өкүнүчүн билдирген. Бенедикт XVIнын айтымында, абай салган киши анын сөзүндө аталган үзүндү терс мааниде колдонулбаганын, ортокылымдагы императордун айткан-дегени понтификтин жеке көз карашына карманча жакындыгы жоктугун байкай алмак.

Папанын Римге жакын жердеги резиденициясында өткөн жолугушууга 20дан ашуун мусулман өлкөлөрүнүн,алардын ичинде Ирандын,Ирактын жана Түркиянын элчилери, Италиядагы ислам жамаатынын лидерлери катышты. Ватикан өкүлдөрү, маалымат каражаттары бүгүнкү жолугушууну католик чиркөөсү менен мусулман дүйнөсү ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүккө түрткү бере турган мүмкүнчүлүк деп баалашкан эле. Бирок жарым саатка созулган жолугушуу, айрым байкоочулардын баамында, Рим папасынын өз аудиториясы менен өткөргөн жыйындай болуп калды. Чакан залда негизинен папа гана сөз сүйлөп, калган коноктор анын сөзүн угуп отурушту.

XS
SM
MD
LG