Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

«ХИПК» КАЙГАЙЫ: КИРЕЛИ - КИРБЕЙЛИ


Кыйладан бери кызуу талашты жаратып келаткан «Хипик» программасына кирүү-кирбөө маселеси эмдиги айда ачыкка чыгып калышы ыктымал. Өкмөт парламенттен колдоо тапса гана карыз жүгүн жеңилдетүү программасына кире турганын айтууга өттү.

Эларалык каржы институттары менен алдынала макулдашуудан соң «Хипик» программасына кирүү-кирбөө маселеси парламенттин макулдугу, коомчулуктун колдоосу аркылуу чечилмекчи. Буга коомчулук өкүлдөрү эмне дейт?
- Финансисттер айтып атышпайбы. «Хипикке» кирсек көз каранды болуп калабыз деп. Карызды эч качан жое албайт. Кирбей эле коюш керек. Мобу коррупция жоголсо эле карыз жоголот. Коррупция бирок жоголбойт. Коррупция болот, боло берет, кала берет,-дейт Бекболот Мамытов.

- Эгер кутулушка көзү жетсе, анда кирүүгө болот. Көзү жетсе гана да. Карызды жакының кечпейт да бир мамлекет экинчи мамлекеттин карызын кечип ийеби, кечпейт,-дейт Салима.

Программанын шарттары Кыргызстанга ылайык келсе өкмөт аны коомчулуктун каршылыгына карабастан кабыл аларын Ф.Кулов мурда эле кабарлаган:"Бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын көпчүлүгү, жарандык коом биздин «Хипик» программасына киришибизди жактырбайт. Мына ушул жагдай албетте, өкмөткө таасирин тийгизбей койбойт. Бирок да өкмөт бул программанын артында карыз жүгүн жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү болсо каршылык болгонуна карабастан ага кирет. Эмне болсо да тобокелдик кылып, өкмөттү кызматтан кетирүүсүнө деле кайыл болот. Кимдир бирөө акыры жоопкерчиликти өзүнө алышы керек го".

«Ысыккөл» инвестбанктын президенти Болот Байкожоев өкмөттүн жеңил жол издөөдөн колу бошобой калды дейт:"Бүгүнкү күндө өкмөт иштегендин ордуна жеңил жол издеп калды. Мына А.Жапаров сүйлөп атат, Элык валюта кору, Дүйнөлүк банк карыздары, баары 800 миллион карыз жоюлат деп жатат".

Анткен менен Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Марат Алапаевдин ырасташынча, программадан коркуштун кажети жок:"Корко турган эч нерсе деле жок. Бул «Хипик» программасы башында эле айтылып келаткан биздин өлкөнүн стратегиялык өнүгүү программасы, жакырчылыкты жоюу, экономикалык өнүгүштү камсыз кылуу программасына таянат. Ошо коюлган талаптар, ошо коюлган маселелерди чечүү боюнча эле".

Ушул айдын он алтысынан жыйырмасына чейин Сингапурда Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жылдык жыйыны өттү. Батыл экономикалык реформалардын аркасы менен байманалуу мамлекеттердин катарына кошулган арал өлкөдө 187 өкмөттөн келген өкүлдөр тышкы карыздарды кантип жоюунун жолдорун талкуулап, пикир алып кайтышты. Ага катышып келген Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өкмөт тыш карыздарды жоюуга багытталган биртоп программалар менен иштөөгө макулдук бергенин маалым кылды.

Октябрдын он бешинен жыйырмасына чейин Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин жыйыны өтөт. Мына ушул каадалуу жыйында программага кирүүгө макул өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү, алган милдеттенмелерин кантип аткарып келатканы талкуудан өтөт. Акылбек Жапаровдун айтуусунда, Кыргызстан эларалык валюта корунун буга чейин айткан-дегендерин так аткарып келди.

Дүйнөлүк банк азырынча кандай талаптарды коерун так аныктай элек. Ал аныкталгандан кийин кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыктуу аяктаса гана тыш карыздардын кыйласын кечип ийүү маселеси калкып чыгат.

"Андан кийин дагы бир жолу директорлор кеңеши менен өкмөттүн ортосунда сүйлөшүүлөр бир жума аралыгында жүрөт дагы, андан соң «эсеп чекити» деген башталат. «Эсеп чекитине» чейин биздин «Хипик» программасына кире турганыбыз же кирбей турганыбыз алдыда турат",-дейт Акылбек Жапаров.

Эмитен эле көптөрдү сарсанаага салган «Хипик» программасы эгер оңунан чечилип калса тышкы карыздын жүгүн 800 миллион долларга жеңилдетет. «Кумтөрдү» кырсык чалып, Кыргызстан экономикасы быйыл да мурда белгиленген чекке чыга албай калганы турганда өкмөттүн бир ишеничи карыз жүгүн жеңилдетүүгө байланып турат.

XS
SM
MD
LG