Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 11:13

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕРГЕНЧИЛИГИ ПАЙДА БЕРЕБИ?


Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы мергенчилигин уюштурууда кандай өзгөрүүлөр болууда? Андан табылган акча каражатттары толук бойдон бюджетке түшүп жатабы?

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы мергенчилигин уюштуруудагы өзгөчөлүктөрдүн бири, өткөн жылга караганда атууга коюлчу кайберендердин саны быйыл кыйла кыскартылды. Маселен, мурда 70 кулжага квота берилсе, быйыл 60 гана кулжага уруксат. Мурда 450 баш тоо теке атууга коюлса, быйыл алардын саны 350гө түшүрүлгөн. Мурдагы элүү эликтин ордуна быйыл 20 гана эликти атууга болот. Өзгөчө өтүнүч-буюртма түшкөндүктөн быйыл 5 каманга уруксат берилиптир. Мурда каман атылчу эмес экен.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин алдындагы мергенчиликти көзөмөлдөө жана мергенчилик ресурстарын пайдаланууну тескөө башкармасынын начальник орунбасары Алмаз Мусаев жогоруда аталган кыскартуулардын себеп-жагдайына токтолду:

-Кыргызстанда мергенчилик иштерин уюштуруучу 80 мекеме бар. Ошолор атыкка коюлчу кайберендерге, канаттууларга квотаны көбүрөөк алыш үчүн туура маалымат беришпей, көбөйтүп көрсөтүп келишиптир. Өткөн жылы декабрда санак жүргүзүп, ошонун негизинде кыскартууга туура келди.

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы мергенчилик маалы (сезону) негизинен 1-июлдан башталат. Анда, бирок, элик гана атылат. 15-августтан аркар, кулжага уруксат берилет. Ал эми канаттууларды 7-октябрдан баштап гана атса болот. Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандагы мергенчилиги куутка байланыштуу 25-ноябрдан бир айлык мөөнөткө токтотулат да, андан кийин кайра февралга чейин созулат.

Өткөн жылкы мергенчилик маалында Кыргызстанга 51 чет өлкөлүк мергенчи келген экен, быйыл - бүгүнкү күнгө чейин араң бешөө келиптир. Эмне үчүн мындай аз экендигин адистер Кыргызстандын тоолорунун бийиктиги, анда айрыкча сырттан келгендер түтөккө учурары менен байланыштырышып, ошондуктан чет өлкөлүк мергенчилер кайберендердин бийик тоолордон өндүр жактарга түшкөн кыш мезгилинде арбын келерин айтышты.

Кыргызстандагы жапайы жан-жаныбарлардын илимий усулдарга негизделип эсептелген болжолдуу санын Мергенчиликти көзөмөлдөө жана мергенчилик ресурстарын пайдаланууну тескөө башкармасынын мергенчилик ресурстарын эсептөө секторунун башчысы Медет Ботбаевден уктук:

-Биздин эсебибиз боюнча, жалпы Кыргызстанда 16 000 баш аркар, кулжа, 45 000 баш эчки, теке, 4600 баш элик, 305 800 баш кекилик, чил ж.б. бар.

Мыйзам боюнча, ошолордун бир пайызы коммерциялык максатта атайын уюштурулган мергенчилик иш-чараларынын бутасы болууга тийиш. Көпчүлүгү чет өлкөлүк мергенчилерге ыроолонот. Алар ар бир атылган кулжа үчүн 5 000 доллардан, тоо теке үчүн 600 доллардан, элик үчүн 200 доллардан, кыргоол, кекилик үчүн 10 доллардан төлөшөт. Мергенчиликти уюштуруучу мекемелердин бир тобу, тилекке каршы, төлөнгөн акчаларды бюджетке түшүрбөй жүргөндүгүн Алмаз Мусаев кейиш менен белгиледи:

-Мергенчилик жеке чарбалар жүргүзгөн акчалар бюджетке түшпөй калып жатат. Кыргыз өкмотүнүн 801-токтому кабыл алынган 2003-жылдын декабрынан бери табылган 637 000 доллардын бюджетке 45 пайызы гана түшүптүр. Калгандарын өндүрүп берүү талабы менен башкы прокуратурага кайрылдык.

Быйыл августта кайберендерди жана канаттууларды атуудагы коммерциялык бааларды аныктаган Кыргыз өкмөтүнүн ошол 801-токтому күчүн жоготуп, ого бетер кыйчалыш кырдаалдар жаралууда.

-Азыр, чындап келгенде, чет өлкөлүктөрдү акча төлөтө турган документибиз да жок. Мыйзамсыз ууга чыккан жергиликтүү мергенчилерге штраф да сала албайбыз- деди Кочкор районундагы мергенчилик чарба кызматкери Садыркул Култаев.

Сөз соңунда айта кетели, Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу жаңы романы ошол чет өлкөлүк мергенчилерге байланышкан көйгөйлөр туурасында экен.

Кожогелди Култегин, Бишкек

XS
SM
MD
LG