Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Алексей Леонов: “Ысыккөл - Жердин карегиндей космостон көрүнөт”


Советтер Союзунун эки жолку баатыры, учкуч- космонавт Алексей Леонов кыргыз жергесине келип, Ысыккөлдө эс алууга куштар. Анын айтымында космостон Ысыккөл жердин карегиндей керемет көрүнөт. Жакында эле Чолпонатада өткөн эл аралык Ысыккөл оюндарына курбусу Советтер Союзунун Баатыры, учкуч- космонавт Александр Волков экөө ардактуу мейман катары катышып кетишти.

-Алексей мырза, ушуну менен Ысыккөлгө үчүнчү ирет келишиңиз. Быйыл да эл аралык Ысыккөл оюндарына мейман катары чакырылып, Орусиянын спортчуларын баштап келиңиз. Бул Ысыккөл оюндарынын келечегин кандай элестетесиз?

-Мурдакы жылы да Ысыккөл оюндарына ардактуу мейман катары чакырылып, салтанаттуу ачылышында сөз сүйлөп, бул мелдештердин келечеги кеңдигин айткан элем. Анда Орусиянын мурдакы президенти Борис Ельцин да келип, оюндун кадыр баркы көтөрүлгөн. Менин бул ирет үйбүлөөм менен Ысыккөлгө келишимдин дагы бир себеби, мен коомдук башталышта спорт оюндарынын Эл аралык конфедерациясынын вице-президенти болгондуктан эл достугуна данакер болгон спорт оюндарын жайылтуу максатында келдим.

Чынында жыл өткөн сайын Ысыккөл оюндарынын кулачы кеңири жайылып, өрүшү өсүп таасири артып баратат. Алгач спорттун 6 түрү менен башталып, эки жүзгө жетпеген спортчу катышса, быйыл 7 мамлекеттен миңден ашуун спорт ардагери катышты. Спорттук таймашуулардын катары да көбөйүп, быйыл 15 түр боюнча мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү. Мурдакы совет курамындагы өлкөлөр гана эмес, Кытай, Пакистан, Индия мамлекеттеринен да спорттук делегациялар келүүдө.

Ысыкөлдү туризм ордосуна айландырууда, эл аралык аренада таанытууда ушул Ысыккөл оюндарынын мааниси зор. Жакшылап уюштурса, дагы чет өлкөлөрдөн командаларды чакырса, байгелерин дурустап койсо, бул мелдеш эл аралык чоң даражага көтөрүлөт. Себеби, спорттогу достук байланыш чек араларды билбейт, улут тандабайт.

-Космоско канча ирет чыктыныз. Космос мейкиндигинен Кыргызстандын Ысыккөлүн көрө алдынызбы?

-Космосто эки ирет болдум. Ошол космостон Ысыккөлдү көрүп, жаш кезимде кызга ашык болгондой таасирленип калгам. Ысыккөл космостон жердин карегиндей керемет көрүнөт. Жер планетасы космос, галактика менен ушул Ысыккөл менен байланышкандай таасир калтырат. Чынында эле картадан карасыңыздар Ысыккөл адамдын көзүндөй көрүнүп турат. Ал эми космостон жердин көгүлтүр көзүндөй керемет көрүнөт. Ошондуктан Ысыккөлдү ыйык көл катары баалайм. Аны көздүн карегиндей сактоо зарыл. Быйыл өзүм эле Ысыккөлдө эс алып, рахатын көрө бербейин деп, байбичемди да көрсүн деп ала келдим.

Ысыккөлдү кыргыз элинин бешенесине тартууланган ырыскы, кут деп билемин. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдардында Советтер Cоюзун космонавттар отряды менен Ысыккөлдүн Тамга деген айылындагы эс алуу жайына биринчи ирет келгенден бери, көлүңөрдү бир көрүүгө дилгир болуп жүрөм.

-Алексей мырза, Ысыккөлдү туризмдин ордосуна айландырууга аракеттер көрүлө баштады. Быйыл чет өлкөлөрдөн туристтер да арбын келишти. Тейлөө жагы сизди канааттандырдыбы?

-Кандай десем. Мен тагдырдын буйругу менен көп өлкөлөрдө болдум. Ысыккөлдү туризм ордосуна айландырууга негиз бар. Бирок, учурдагы тейлөө, сервис талапка жооп бербейт. Баасына тейлөөнүн сапаты дал келбейт. Тамак- аш деле начар. Анан эң кейиштүүсү ажаатканалардын эскилиги, начардыгы. Советтик таалим- тарбия алгандар өөн көрбөй бара беребиз, бирок чет өлкөлүктөр абдан иренжип калышат. Имараттардын көбү жаңыдан курулуп жаткан экен. Балким, алар эл аралык талаптарга жооп берээр. Ысыккөл оюндарына да чет өлкөлөрдөн меймандар келсе, тейлөөнүн сапаты боюнча ыңгайсыз абалда калат экенсиң. Элиңердин меймандостугу туризмдин өсүп- өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG