1923-жылкы Түркстандык статисттердин аныктоосуна караганда Пишпек уездинин калкы 1913-жылга салыштырмалуу 10 пайызга азайган. Адистердин белгилөөсүнө ылайык берекелүү өрөөндүн кут учушунун себеби, 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу этникалык геноцид, 1917-жылдан кийинки граждандык кагылыш жана ачкачылык сыякутуу көрүнүштөр калктын санынын кескин төмөндөшүнө кириптер кылган.
1940-жылы Чоң Чүй каналынын казылышына байланыштуу илим борборлорунда иштеген фрунзелик археологдор коомчулукка кайрылышты. Кайрылууда каналды казуу иши байыркы маданият жайгашкан жерлер аркылуу өткөндүктөн, мында орто кылымдарда жашаган калктарга тиешелүү маданият үлгүлөрү чыга тургандыгы айтылат. Эгер, казуу маалында тарыхый эстеликтер учураса, анда аны адистерге айтуу зарылдыгы белгиленет. Чоң Чүй каналынын курулушу 270 километрге созулуп, туурасы 5тен 30 метрге чейин жана 10 метр тереңдикте казылган.
1954-жылдын бу күнү Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» чыгармасына коюлган спектаклди көрсөтүп баштады. Кыргыз жазма маданият классигинин чыгармасында Кыргызстанда өткөн таптык күрүш жана мындагы совет бийлигинин орнош өзгөчөлүгү чагылдырылган. Спектаклдин музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Фере жазып, опера жана балет театрынын чыгармачыл тобу партия жүргүзгөн саясатты зор ынтызарлык менен сахнага алып чыккан, деп айтылат ошол кездеги маалымат каражаттарында.
1958-жылдын бу күндөрү Пржевальск шаарына жакын Жыргалаң суусунун жээгинен уникалдуу табылга чыкты. Адистердин аныктоосуна ылайык ал мамонттун тиши жана баш сөөгү болгон. Буга чейин мындан мамонттун, бронтозавр сыяктуу динозаврлардын сөөктөрү табылган.
2005-жылдын 27-сентябрында Жогорку Кеңеш министрлер кабинетин бекитти. Президент менен премьер-министр сунуш кылган талапкерлер арасынан - Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, Ишенбай Кадырбеков, Эмил Узакбаев, Накен Касиев жана Токтокан Боромбаеваларга аз добуш берилгендиктен, алар министрлик портфелге жеткен жок.
Бу күнү, 1825-жылы Англияда дүйнөдөгү биринчи паровоз ишке киришип, 1905-жылы Нью-Йорк шаарында машинада тамеки тарткан аял камакка алынып, 1940-жылы Германия, Италия жана Япония арасында Үчтүктөр пакты уюшулуп, 1960-жылы Останкино телемунарасынын курулушу башталып, 1627-жылы француз жазуучусу Жак Бюссюэ, 1824-жылы америкалык астроном, метеоролог, «Америкалык астрономия журналын» чыгарган Бенджамин Гулд, 1840-жылы америкалыык карикатурист, республикалык жана демократиялык партиялардын эмблемасын чыгарган Томас Наст жарык дүйнөгө келген.