Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ООГАН ЖАНА ПАКИСТАН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ЖОЛУКТУРАТ


Нарын АЙЫП, Прага 26-сентябрда Вашингтон шаарында АКШ жана Ооганстан президенттери Жорж Буш менен Хамид Карзай жолукту. Эки жетекчи Ооганстан менен Пакистандагы абалды жана дүйнөлүк террор менен күрөшүү маселелерин талкуулады.

Ооган президенти Хамид Карзай Америкага - Бириккен Улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясындагы саясий талкууга катышуу үчүн келген жана 20-сентябрда сессияда чыгып сүйлөдү. Андан соң ал Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында ар башка саясатчылар менен жолугуп, бир нече америкалык уюмда сөз сүйлөдү, 26-сентябрда болсо президент Жорж Буш менен жолукту.

Жолугушуу учурунда туалкууланган негизи маселе, албетте, Ооганстандагы абал жана террорчулук менен күрөшүүнүн өзгөчөлүктөрү болду. Президент Буштун айтымында, айрым америкалык жана чет өлкөлүк саясатчылар азыр - АКШ Иракка каршы согуш баштагандыктан эл аралык террорчулук ого бетер күчөп кетти деген пикирде, бирок ал пикир туура эмес. Ирак болбогондо, Усама бин Ладен баары бир башка шылтоо тапмак, деди Буш.

Карзайдын айтымында, 2001-жылы күзүндө америкалык аскерлер Талибан кыймылын Ооганстандагы бийликтен кулаткандан кийин, бин Ладендин буту Ооган аймагын баскан эмес. Региондо болсо, ал кошуна Пакистанда гана болушу мүмкүн.

Хамид Карзай жана Пакистан президенти Первез Мушарраф ортосунда бул маселе боюнча акыркы мезгилде бир топ пикир келишпестиктер чыгууда. Эки жетекчи тең - террорчулукка каршы күрөштө кошуна мамлекет жетиштүү аракет көрбөй жатат деп, алар бир-бирин күнөөлөп келатат.

Карзайдын айтымында, Пакистандын аймагындагы медреселерде эмгиче талибдер даярдалып жатат. Бир топ башка эл аралык эксперттердин пикиринде дагы Пакистандын медреселери азыр диний экстремизмдин очокторунун бирине айланган жана аларга көзмөл орнотуу абзел. Мушарраф дагы Америкага келген жана Бириккен Улуттардын сессиясында ал 19-сентябрда чыгып сүйлөдү.

Карзай менен Мушарраф Америкада дагы жолушат. Аларды 27-сентябрда Вашингтон шаарында АКШ президенти Жорж Буш жолуктурат жана ал жыйын учурунда бир топ маселе талкуулана тургандай: "Президент Карзай, президент Мушарраф жана мен бүгүн чогуу тамак ичебиз. Мен аны чыдамсыздык менен күтүп жатам. Биз үчөөбүз ортобузда бир топ кызык талкуу боло тургандай, биз баарыбыз Ооганстан менен Пакистандагы абал тууралуу тынчсыздануудабыз. Биз чек араларды кантип коопсуз кылуу, бир-бирибиз менен кантип кызматташуу, экстремисттерди талкалоо үчүн кантип маалымат алмашуу, тынчтык жана демократия орнотуу үчүн кантип чогуу иштешиш керек экени тууралуу сүйлөшөбүз", - деди америкалык президент.

Ооган президенти АКШда жүргөндө башка маселелер дагы көтөрүлдү. Ар башка жыйындарда, албетте, апийим маселеси жөнүндө такай айтылып келди. Дүйнөлүк апийимдин 90 пайызы азыр Ооганстанда өндүрүлөт, бирок маселени чечиш үчүн, Карзайдын пикиринде, кеминде дагы он жыл керек. Анын айтымында, маселе кедейчиликте жатат жана дүйнөлүк коомчулук Ооганстанга көбүрөөк жардам берсе жакшы болмок. Жекшемби күнү Карзай "Си-эн-эн" сыналгысына интервью бергенде, Ирактагы согушка АКШ короткон 300 миллиард доллар Ооганстанга берилгенде, маселелердин көбү чечилмек.

Сүрөттө: Президенттер Карзай жана Мушарраф Исламабада 2005-жылы жолугушкан.

XS
SM
MD
LG