Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

БЕРЕЗОВСКИЙ… БЕЛЕКОНЬ…ЖЕ «КЫРГЫЗИЯГА ОРУСИЯДАН КАТ»


«Белый параход» гезити кечээ кечинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Орусиянын Баш прокурорунун орунбасары А.Звягинцевден факс аркылуу кат келгенин, катта буга чейин кыргыз парламентинде айтылып келген Борис Березовскийдин ушул жылдын 29-июлунда чын эле Бишкекте болгонун, анын болгондугу Орусиянын атайын кызматына дайындыгын, бирок орус тарап сары изине чөп салып, тузаккка түшүралбай жүргөн кылмышкерди кыргыз коллегалары эмне үчүн кармап калбаганы түшүнүксүз экендигине орус коллегалары түшүнбөй жатканын жазды.

Ушул эле гезит тараткан дагы бир маалыматта президент К.Бакиевдин ишкер уулу Максим Бакиевдин бизнес боюнча өнөктөшү Валерий Белеконь деген адам Б.Березовский менен жакын байланыштагы латвиялык жаран экендигин, демек В.Белеконду Бишкекте болгон жок деген сөз элдин башына жаңгак чаккан менен барабар, деп жазат «Белый параход».

Гезит кабарчысы Е.Авдеева «Тандем болгонбу? Тандем болобу?» аттуу макаласында ушу тапта тандемдин «союздаштарынын» ортосуна ар тараптан шынаа кагыла баштаганын, тандемдин жок болушуна ири алдыда президент К.Бакиевдин айланасындагылар кызыгдар болуп жатканын, мунун эң соңку далили катары «түбөлүк революционер» Топчубек Тургуналиевдин Талас жергесиндеги Ф.Куловду ашкан корупционер катары ташын-талкан кылган «речин» мисалга тартат, Топчуке таластыктарга сүйлөгөн сөзүндө Кулов коррупцияга баткан, аскер техникаларын саткан, анан ушул адам кантип өкмөт башчысы болуп иштейт, деп каралайт дейт автор.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити «Бакиевден эмнени күтүшөт?» деген макаласында президент эртең-28-сентябрда Кыргызстандын элине кайрылуу жасарын, анда алдыдагы 5 жылга карата иш-чаралардын планы жарыя кылынарын жазды. Буга байланыштуу Акүйдө «косметикалык» тазалоо болорун, айрым бир айың сөздөргө караганда ички иштер министри М.Суталинов кызматы менен кош айтышарын божомолдойт.

Ушул эле гезит кыргыз мамлекетинин өз жарандарына болгон карызын эсептеп чыкты. Көрсө сегиз ай ичинде өлкөнүн айлык акыларга карызы-362,6 млн. сомду түзгөн. Элге Жалал-Абад облусу-93,6, Чүй облусу-68,9 млн. сом, Бшкек шаары- 48,2 млн. сом, Ош шаары- 58,6 млн. сом карыз.

Бул гезит Кыргызстанда СПИД оорусу менен катталгандардын саны 1005 адамга жеткенин, мунун 906сы өзүбүздүн, 99у чет өлкөлөрдүн жарандары экенин, бу кудай албаган оору боюнча ордендүү Ош облусу 1-орунда турарын, андан кийин Бишкек, андан кийин Жалал-Абад менен Талас, алардан кийин Нарын менен Ысык-Көл дубандары турарын жазды.

Кыргызстанда коррупциядан алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары Курманбек Жороев «МСН» гезитине өлкөдө көбүрөөк корупциялашкан мамлекеттик мекемелердин болжолдуу аттарын атаган. Кара баскан коррупциянын кара тизмесине салык жана бажы инспекциялары, күч органдары, соттор, мамлекеттик каттоо жана архитектуралык ведомстволор кирген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG