- Абак жайлардагы жашоо шарт, тамак аш, башка керектүү буюмдар менен камсыздоо жагы жакшы эмес экендиги мурдатан белгилүү. Өкмөт быйыл кошумча каражат бөлүп жаткандай болду эле. Демек, ошол акчалар дарегине жетпей, туура эмес пайдаланып жатканында болуп жатабы. Сиздер кандай маалыматтарга таянып тынчсызданууну билдирип жатасыздар?
- Түрмөдөгү акыбал көп тармактуу проблема болуп атат. Бир жагынан сиз туура айттыңыз, ГУИН институтундагы бюджет кандай болуп атат деген маселени биз бир жылдан бери иликтеп келатабыз. 57 млн. сом кредиторлорго карыз болуп атса, түрмөдө отурган адамдарга бул бюджет кандайча жардам бере алат? Эч кандай жардам бере албайт. Анткени 2005-жылга караганда улуттук бюджеттен ушул тармакка керектүү зарыл иштерге 27 гана процент бөлүнгөн.
Экинчи жагынан, көп жылдан бери келе жаткан коррупция бүгүнкү күндө ГУИНдин бюджетин муунтуп атат. Жаңы келген лидерлер дагы жакшы иштей албай атат. Анткени ошол карызды жабуудан алыс болуп, кайра коррупцияны күчөтүп атат. Мисалы ГУИНдин дары-дармек алчу эсеби жабылган. Анткени алдын ала жаман контракт түзгөн бизнес структура менен. Эгерде дары дармекке 6 млн. сом бериш керек болсо, бүгүнкү күндө пенясы өсүп 12 млн. сом карыз болуп атат. Бул бир дагы дары-дармек ала албайт деген нерсени билдирет.
Прокуратурадан алынган официалдуу маалымат боюнча, кургак учук оору менен ооруган адамдар быйылкы жылы 37 пайызга көбөйүп атат. Бул түрмөдө гана жаткан адамдар эмес. Мисалы 27-колонияга барып биз сүйлөштүк, ичине да кирдик. Адамдар, комиссиялар ичине оңой менен кирбейт экен, анткени бул жерде туберкулездун ачык түрү менен ооруган адамдар отурат. Официалдуу маалымат боюнча, ГУИНдин жылына 2-3 кызматкери сөзсүз түрдө туберкулездун ар кандай формалары менен ооруп чыгат экен. 27-колонияда кызматкерлерге колун жууганга да акыбал түзүлгөн эмес. Анткени аларга акча жетпейт. Эптеп начальниктин орун басары тааныштарын издеп, эл аралык уюмдар аркылуу акыбалды оңдогонго аракет жасайт.
Эгерде 19-колонияны барып карасаңыз, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде камалган 2 миңге жакын адам жаман суу ичет. Түтүктөрдүн даты жана бок-сак аралашкан сууну ичишет.
- Төлөйкан айым, кечээ эле “Вечерний Бишкек” гезити абак жайларды кармагына алган Юстиция министри Марат Кайыповдун сөзүнө таянып жазганына караганда, түрмөдөгү тамак-аш, дары-дармек менен камсыздоо кыйла жакшырган экен. Демек, министрлик чыныгы жагдайдан кабардар эмеспи? Сиздер өз маалыматтарыңыздарды аларга да билдирип турасыздарбы?
- Министрлик менен биз тыгыз иштейбиз. Мырза Кайыпов менен жолугуп турабыз. Ошол жерде түрмөлөрдү жакшыртуу боюнча бөлүм да бар. ГУИНдин чиновниктери да, Юстиция министрлик да кечээ айтып атат жакшы болуп калды деп. Марат Кайыповдун демилгеси менен “Үмүт” деген программа жарыяланган. Алар да аракет жасап атат. Мен ойлойм, Марат Кайыпов мага макул болбот деп, биз мындай абалды өзгөртөлү, же жаман нерсе айталы дегенден алыспыз. Анткени реалдуу картина жума сайын, ай сайын карап аткан маалымат кагаз жүзүндө жана турмуш жүзүндө таптакыр башка. Экинчи жагынан 57 млн. сом кредиторлорго карыз болгондон кийин соттун чечимдери турат, көп начальниктер бизге көрсөтүп капа болуп жүрүшөт. Муну өкмөт келиштирип жакшы, жаңы кадамды таштап бюджетти бошотуп берсе, түздөн-түз акыбалды оңдогонго мүмкүнчүлүк бар деген жакшы ой бар. Ошон үчүн ушул маалыматты алгандан кийин кыштын алдында чиновниктер чечип берсе. Антпесе, октябрдагы бунттар кайталанып кетиши мүмкүн. Ал криминал аркылуу бунт болчу, ал эми бул социалдык акыбал боюнча кайталанып кетиши мүмкүн.