Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАПАДАН-ЖАЛГЫЗ УЧАГЫНАН АЙРЫЛДЫ


“Манас” аэропортундагы эки учактын кагылышуу себептерин изилдөө боюнча жумушчу жана өкмөттүк комиссиялар түзүлдү. Кечээ кечинде “Манас” аэропортунда “Кыргызстан” аба компаниясына таандык, жүргүнчүлөрдү ташыган ТУ-154 үлгүсүндөгү учак менен АКШ куралдуу күчтөрүнүн май куйуучу КС-135 үлгүсүндөгү учагы кагылышып, өрт чыккан. Бул кырсыкта адам өмүрүнө залал келген жок. Кагылышууда оң канатынан жабыркаган ТУ-154 маркасындагы учак Кыргызстандын президентин алыскы сапарларга ташыган жалгыз учак экен.

"Манас" аба майданындагы учактардын кагылышканы жөнүндө бүгүн транспорт жана байланыш министри менен жарандык авиация департаментинин жетекчиси дароо маалымат беришти. Ошондой эле антитеррордук коалициянын “Манас” авиабазасы да бул окуяга тууралуу билдирүү таратты. Маалыматтарга караганда кырсыктын себептери аныктала элек. Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Александр Астионовдун айтымында учактардын кагылышуусунун чоо-жайы кара жащик ачылгандан кийин гана белгилүү болот.

“Манас” аэропортунун жана “Манас” аскердик базасынын учактарынын учуп-конуу тартибин кыргызстандык диспетчерлер башкарат. Бирок бул жерде диспетчерлерди бир тараптуу күнөөлөш туура эмес дейт А. Астионов: "Биз кара жащиктин пленкаларын окугандан кийин гана кайсы учактын экипажы диспетчердин буйругун аткарбай койду же аткарды, баары бизге белгилүү болот. Бул жерде терең изилдөө зарыл".

Антитеррордук коалициянын “Манас” аскердик базасынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Анна Карпентер, АКШ куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги кырсыктын себеп жайын “Манас” аэропортунун жетекчилиги менен чогуу изилдеп жатканын билдирди.

Бул кырсык “Манас” аэропортундагы алгачкы кагылышуу эмес. Өткөн жылы 28-августта “Манас” авиабазасындагы антитеррордук күчтөргө таандык автомашина ЯК-40 үлгүсүндөгү учакты уруп кеткен. Андан Кыргызстандын аэропорту 12 миң долларлык чыгаша тарткан. Экинчи учур: быйыл 17-августта ошол эле антеррордук күчтөрдүн дагы бир машинасы ТУ-154 учагын керектен чыгарган. Мындан 20 миң долларлык чыгаша болгон. Ал эми кечээки кагылыштан келип чыккан чыгашаны Кыргызстандын транспорт прокуратурасы 2 млн сомго баалады.

Бирок, транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов мындай техникалык кагылышуулар антитеррордук коалициянын кыргыз жериндеги мындан тагдырына жана деги эле АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизет деп ойлобойт:"Муну саясатка айландыруунун эч кандай кажети жок. Мындай кырсык ар бир мамлекетте, ар кайсы аэропортто болушу мүмкүн. Ошондуктан, мындан АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кандайдыр бир келишпестик болот дегенге мен кошулбайм".

Кагылыштан жабыркаган ТУ-154 учагы Кыргызстандын президентин алыскы сапарларга ташуучу жападан-жалгыз учак болчу. Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов Кыргызстандын аба майданында аны алмаштыруучу төмөнкү класстагы учактар бар экендигин билдирди. Министр мырза президенттин өзүнө гана тиешелүү учак болууга тийиш деген оюн айта кетти:"Мамлекеттин башчысы катары президент көп өлкөлөргө сапарга арбын чыгып жатат. Ошондуктан, анын өзүнө гана тиешелүү, президентке кызмат кылган учак болууга тийиш. Ал европалык үлгүдөгү жаңы аэробус болушу мүмкүн."

Кыргызстандын транспорт прокуратурасы учактардын кагылышкан фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө тобун түздү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG