Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

ОРУСИЯДА «РЕФЕРЕНДУМ ОЮНУ» БАШТАЛДЫБЫ?


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президент Путиндин бийлик мөөнөтүн узартуу боюнча референдум өткөрүү сунушун четке какты. Азыркы конституция боюнча, Орусияда президент болуп бир киши төрт жылдык мөөнөткө 2 жолу гана шайлана алат. Эгерде өзгөртүү киргизилсе, 2008-жылы бийлик мөөнөтү аяктай турган Путин президенттик тактыда дагы да кала бермек.

Орусиянын түштүк тарабындагы Түндүк Осетиялык коомдук уюмдун сунушу боюнча, “Орусия Федерациясынын президенти 2 мөөнөттөн ашык кызмат ордун ээлей албайт дегенге макулсузбу”? – деген суроо бүткүл элдик референдумга коюлмак.

Өлкөнүн башмыйзамына ылайык, бир киши эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Бирок президент Путиндин айрым тарапкерлери конституцияга өзгөртүү киргизип, анын бийлик мөөнөтүн узартууну сунуш кылууда.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков шаршембиде бул сунуш мыйзамга каршы келээрин төмөнкүдөй чечмеледи.

- Референдумга сунуш кылынган суроо Орусиянын мыйзамдарына каршы келген өңүттө коюлган. Биздин конституция референдумдар үчүн мөөнөттү катуу чектейт, ошондуктан бул сунуш мыйзамсыз.

Вешняков айткандай, Орусиянын мыйзамдары парламенттик шайлоого 12 айдан аз калганда референдум өткөрүүгө тыюу салат. Мамлекеттик Думага шайлоо эмдиги жылдын декабрь айында өтөт, ал эми ушул декабрь айына чейин шашылыш референдум өткөрүү мүмкүн эмес, - деп эсептейт Борбордук шайлоо комиссиясы.

Путин өзү конституцияны урматтай турганын кайталап, 2 мөөнөттөн ашык кызматында калбай турганын айтып келатат. Кремлге жакын саясий серепчилердин бири Сергей Марков Путиндин референдумга каршы турганын анын оң сапаттарынын бири катары белгилейт.

- Менимче, бул мыйзамды бузган акылсыз кадам, ошондуктан президент ага каршы болууда. Путин – күчтүү саясатчы, элдин көбү анын бийликте кала беришин жактаса да, ал мыйзамды бузгусу келбейт.

Бирок “референдум маселесин Кремль өзү кызытып жатат, Путиндин бийликтен кеткиси жок” деген пикирдеги саясатчылар да аз эмес. Орусиялык оңчул күчтөр биримдигинин лидери Никита Белых ошондой пикирде.

- Ырасмий билдирүүлөрдө 3-мөөнөт жөнүндө сөз жок деп айтылганы менен, ушуга окшогон демилгелерден улам ойдогудай мураскер табылбай калса, бул маселе келип чыгышы мүмкүн экени айдан ачык. Андай болсо: “элдин каалоосу мыйзамдан өйдө турат, коомдогу стабилдүүлүктүн кызыкчылыгында” деген шылтоолор оңой эле табылат да, конституция оңдолот.

Айткандай эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими 3-мөөнөт жөнүндөгү дагы башка демилге-сунуштарга тыюу сала албайт. Баарын баштаган Түндүк Осетиялык демилгечи топ өз максатына жетүү аракетин токтотпой турганын билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG